gulanda
@gulanda.83
gulanda

Подписчики: 517898
Посты: 2801
Подписки: 353
Маданияттын мыкты кызматкери ырчы Гуланда .📯📯📯📢🎶🎵🎶🎤🎤🎤🎤🎺🎸🎵🎶🎶Тойлор боюнча сурап билуу.номери ☎📞0772137789.Жар-жар,Кыз узатуу жана баш ютуб канал↘️↘️
https://www.youtube.com/channel/UCm7NxRoLFouc-5bPQLTvSsw
Загрузка...
Biskek , Kyrgystan
Коргозуп тартып берсе айтасынар,мактанбагыла айтпай берген сооп болот деп.Коргозбой,тартпай,айтпай берсе дагы айтасынар жардам бергиле канасынар деп🤦‍♀️. Деги эмне жагат???Кылсан деле ошол соз,кылбасан да ошол соз. Ырчылар буга чейин дагы кайрымдуулук иштерди жасап журобуз.Мисалга алганда бир айда жок дегенде эле 2 же 3 кайрымдуулук концерти отуп турат.Ошол концерттерге жок дебестен ошо ооруп жаткан адамга бир аз да болсо салым болсун деп, барып ырдап кетебиз.Азыр убакыт деген алтынга барабар нерсе.Ырчыларда да уй-булоо, бала-чака деген бар.Ошол убакыттын тардыгына карабай барып колдоо корсотуп эле келебиз.А эмнеге ошол нерсени корбойсуздор???Канча адамдын сообуна калып жатабыз эмнеге ошону айтпайсыздар??? Канча адамдын бойрогу алмашты,канча адамдын боору алмашты жана ошондой иш чараларга барып бир тыйын албастан катышып кетебиз.Ошол концерттин артынан канча адамдын сообуна калып жатабыз,аны эмнеге айтпайсыздар???. Азыр дагы муктаждарга жардам берип жургон маданият адамдары толтура айтып бергени бар, айтпай бергени бар созсуз тартып жарыялап бериштин деле кажети жок болуш керек.Эми антпейли десек жардам бергиле дейсиздер.Биз деле сиздердей адамбыз эшикке чыккандан коркобуз вирустан, бизде да майда балдар бар.Эшикке чыкпагыла деген созуно карабай,чыгып кайрымдуулук кылып озлорунун ден-соолугунун коопсуздугуна дагы карабай жургон балдар,кыздарыбызды корбой жатканыныздар окундурот😔.Азыр чыгып бироого жардам бермек тургай эшиктин астындагы дуконго барыш кооптуу болуп турат,ошого карабай журушот. Берсен дагы ошол соз,бербесен дагы ошол соз.Жок дегенде озунор бербегенден кийин жакшы соз айтканга жараныздар. Кудай дагы ыраазы болгон адамга берет. Ушундай кырдаалда жакшы соз,жакшы мээрим менен гана женебиз деген ойдомун. Эрнис молодец👍👍Алла ыраазы болсун сага башкасы ыраазы болбосо дагы 🤲. @ernis_borubaev_official

Загрузка...