Manas International Airport
Кайрадан Ошко жөнөдүм✈️
Саат 5 те уча турган рейске билет алынган экен. 🎫Мен болсо эмнегедир 1саат 45 мүнөт эрте келип алыпмын ☺️
"Эмне болсо да жакшылыкка" деп коюп отурам, күтүп 🙃
Бүгүн Ошто көп чыгармачыл адам катышкан той болот, буюрса 🤵👰
Ал @daniyar_ermatov менен @aisalkyn_sadykova нын өкүл уулу @aktilek_universal дын келинчеги менен үйлөнүү үлпөт тою.
Данчик, Айсалкын өкүл уул,кыз кут болсун! Түбөлүк бирге болуп, көп жаш үй бүлөгө үлгү болуп, сүйүүнүн символу болуп жүргүлө!👩❤️👨
_______________________________________
Актилек өткөндө ватсаптан "Тойго чакырууңуз жеттиби?" деп сураптыр."Жоок, алган жокмун" десем "Азыр жөнөтөм" деп жөнөттү сүрөткө тартып.
"Эээ укам, почерк (кол жазма) кантет почерк😅" деп голосовой жөнөтсөм, жөн калмак беле Тамашоучу да "Главное почерк эмес, душа го, абже, же почеркке карап мамиле кыласызбы 😅" деп каткырат 😅
"Подчеркиңди оңдоп кел деп тойго келбей коюп жүрбөң анан, Машинада баратып жаздым" деп күлдүрөт😅😅😅 Ошо, достор, ошол Универсал командасынын күлдүргүчү @aktilek_universal тин тоюна жөнөдүм, ошентип...
Демек, Сторис компаниясынан сиздерге көп билет алып койдум. Даярданып турунуздар, артист-көйнөктөрүңүздөрдү кийип дегендей,😊 кечинде тойго алпарам😇🤗