Бул Пост болсо үйдө отурган айымдарга арналат ☝️
Анда кеп башынан болсун...
Бир жума мурун үйгө келдим, айылга. Апам эс алганча лечение алып алсын деп Жалал-Абаддын курортуна жайгаштырдык. Апамын үйдөгү ролун мен аткарып турмай болдум.
Учурда үйдө атам, апам, анан эки небереси болуп турушат да. Башында ойлодум : "Үйдө эмне кыйраткан деле жумуш жок го, жөн эле справлюсь" депчи.
Эки күн катар кечинде той Ошто. Атаман неудобно болуп сурап, кайткыча шашам. Уктагыча барып калайын(төшөк салып берейин) деп. Жетишпей калам, келгиче уктап калышат.
Андан кийин эки күн катар сьемка Ошто, дагы неудобно болуп сурап, айткан саатыма келе албай калып, үйгө жеткиче кыжаалатмын "Курсактары кантти экен. Атама дагы уят болдум, Үйдө деле болбойт экен деп жатса керек..." депчи.
Анан эртеден кечке үйдө. Вроде бы иш деле жок. Бирок эрте менен бирөөсүн бала бакчага жөнөтүп, бирөөсүн мектепке жөнөтүп, үй жыйнамыш болуп, кир-пир жууп, обед кылып, идиш жууп, биртике мал карамыш болуп, кайра эле кечки тамакка урунуп, берип кайра идиш жууп.......
Ой кыскасы, кыйратып кылган иштен деле дайын жок чарчап калгандай болом 🙊 Тообо...
Ошого жөн эле айтып коёюн дедим эле : Үйдө отурган апакелер, бар болгула!!! Силерге ДАҢК!!! Көп жашагыла! Келе жаткан майрамыңар менен!!! Ал эми аялы үйдө отурган мырзалар: "Кечке үйдө отурасын, эмне кылдың?" дебей жүргүлө🙏
Үйгө келгенде "Канттиң, алтыным, жакшы отурдуңбу?" деп жылмайып кирип жүрүңүздөр ☺️😊
Ошооо, Апама жана жалпы үй кожойкелерине сүрөттөгүдөй башымды ийип коёюн дэээп келип калдым эле...☺️😊
Сүрөт үчүн @kudaiberdi_moidunov рахмат айтам 😘
Макияж : @zerkalo_kuzgu.kg
Прическа: @rasull_abdurashitov