Атам Эргешов Садыбакас, апам Омурзакова Салия. Мектепте 40 жылдан ашык эмгектенип , экөөсү тең " "КР нын элге билим берүүнүн мыктысы" наамдарына татыктуу болушкан... 10 баланы жарыкчылыкка алып келип, аларга татыктуу тарбия берип, баарыбыздын жогорку билимдүү болушубузга шарт түзүп, ар-тараптуу камкордукка алып, акыл -насааты менен келечегибизге маяк болуп жарыктарын чачып турушту.... Мен жашаган өмүр жолумдагы жараткан ийгиликтеримдин башында албетте менин алтын апам менен асыл атам турушат! Ажалга айла жок экен ,апам да, атам да бул дүйнө менен кош айтышкан... Кайрандарым, топурагыңар торко, акыретиңер абат болсун! Аллахым бейиштин төрүнөн орун берсин🤲🤲🤲🙏🙏🙏🤲🤲🤲🙏🙏🙏