Илгиз Абдалиев🎤🎼
@ilgiz_abdaliev_official
Илгиз Абдалиев🎤🎼

Подписчики: 277619
Посты: 2247
Подписки: 625
📞☎️+996702271222 Эстрада ырчысы🎤🎼🎹 #ссылкага #кирип #YouTube #каналга #катталыныз⬇️.
https://youtu.be/vjggOBvNaXc


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
799   48   11979
04.04.2020
БИР КҮН Бир күн келет сени ааламга жетелеп, Бир күн берет бакытыңды эселеп. Бүтөлгөндөй туш тарабың сезилип, Бир күн өтөөр тагдырыңды жемелеп. Бир күн сызып, самолёттой барат шуу, Бир күн учуп, кайрылбаган канаттуу. Бирдей нукка түшкөн кезде баардыгы, Бир күн келип жан дүйнөңө салат чуу. Бир күн келет таалайыңа кошуп шаң, Бир күн менен эки жүрөк кошулган. Бал сыяктуу ширин ууну жуттуруп, Бир күн бөлөт ажырашпас досуңдан. Бир күн мезгил, канат күүлөп учкан ат, Бир жыл күткөн бала жытын жыттатат. Билинбеген бакыт даамын таттырып, Бир күн өтүп, өмүр аздан кыскарат. Бир күн келет ажал сурап атаңды, Бир күн келет өлүм тооруп апаңды. Болсо болоор… бирок кечтен берсинчи, Бир күн үчүн миң күн тартчу капамды… Бир күн болот үмүтүңө шам чырак, Бир күн жомок ак боз атын камчылап. Бир байрагын көтөрө албай сүйүүнүн, Бир күн менен бүт сезимдер жанчылат. Бир күн аалам кубанычка толтурган, Бир күн жаман жакын бооруң жок турган. Билиги өчүп калыш үчүн үмүттүн, Бир күн арсыз шайтан менен дос кылган. Бир күн кээде оору берсе жок чыдам, Бир күн жолуң көрүнбөгөн боз туман. Бүгүн дагы кагаз карап үңүлүп, Бир күн менен ырымды окуп олтурам. Бир күн акыр кыяматы келет дейт, Бирок, ал күн коркунучтуу, мерез дейт. Бар амалды өмүрүңдө кылынган, Бир күн калбай периштелер эсептейт. Бир күн турса жүрөгүңдү чокко ороп, Бир күн күйүп, алоолонгон от болот. Бүт адамдын ыйман гүлү соолуса, Бир күн менен бул жер жүзү жок болот. Бир күн келип, гүлдүү жерден чаң учат, Бир күн келип, күткөн жандар табышат. Биз алпарсак өткөндөрдү мүрзөгө, Бир күн келсе, бизди алып барышат. @akbar_kubanychbekov @bolotbek_tilek_official @jazgul_jumakanova @aysuluu.musabekova.91 @yrys_beksultanova @nurdoolot_kopoev @zhumagultolokova Ат-Башы жердин башаты, Ат-Башы жердин нактасы. Булутка тийген аскасы, Булбулдар чыккан Ат-Башы. Кытайга маска жиберген, Байлардын чыккан "каттасы" Ат-Башы деген - Ат-Башы! Ат-Башы жаман дегендин, Атасынын как башы - деген тамаша кеп жүрөт 😊 Сиздин жер тууралуу кантип айтышат???