902 30
6826
09.01.2020
Кыздарын жалгыз баккан ата: “ДЦП менен төрөлгөн кызымдан баш тартпайм” SUPER.TV’нын бул жолку каарманы - кыздарын жалгыз баккан 37 жаштагы ата. Данияр Сыдыковдун улуу кызы 9, кичүүсү 1 жашта. Тилекке каршы, анын улуу кызы Астра тубаса шал оорусу менен төрөлүп, бүгүнкү күнү өз алдынча басып, сүйлөп же көрө албайт. Каарманыбыздын жубайы экинчи кызын жарыкка алып келип, кийинчерээк оорудан көз жумган. Ошондон бери Данияр мырза эки чүрпөсүн эки канатына калкалап, батирде күн кечирип келет. Кыздарын жалгыз баккан атанын баянын төмөндөгү видеотасмадан көрүңүз.
Сыдыковго жардам берүүнү каалагандар Элсом #0706886669 номери аркылуу байланышса болот. Бирдик кылып салсанар акчага которуп алат