1375 89
18.06.2020
Эх кодолегим! Сени менен жакында эле селпилдешип сүйүнүп жаттым эле. Эми бовой калды, иш чатак! Шеп ПМ болуп кетти, а сен болсо күндөн күнгө чоңоюп-чочоюп баратасың, тим эле имгиң эле келип турат экен көз кычышып. Негизи айылда давноле эчким эшек имбей калган, баары эле байышып мерседестерге өтүшүп элечи. Анан бирок дагы бир акмак сени көрө калып байкабай имипийсе, аны башка бирөө тарта калса, үчүнчү шүмшүк интернетке чыгарып салса Шеп жөн жерден жаманатты болуп, жаңы эле Шеп болгондо аптракатка катуу сөз тийип кеткени турат. Азыр жашоо ушундай апасна болуп калды.
******
Сени айылдын мерседесчен байларынын бирөө имип ийелекте же Жаныбай байкеге белек кылайын, самсы ташытып иштетсин, же колбаса жасаган цехтерге жумушка орноштурайын, халал колбаса ташытканы, же бир кытай доско берейин, дос кылып алсын.