Ilim Karypbekov
@ilim_karypbekov
Ilim Karypbekov

Подписчики: 267540
Посты: 2934
Подписки: 100
Прошу быть корректными. Оскорбления будут удаляться и блокироваться. У меня много фейк аккаунтов. Настоящий мой где больше 250 000 подписчиков.
https://t.me/ilim_channel


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
3345  
30.12.2019
Келе жаткан Жылың менен дос! Жаңы жылда сизге денсоолук гана каалайм. Денсоолугуң жок болсо бакыт, байлык, жакшылык, сүйүү жана башка толгон токой сага өлө керек деп ойлоп жүргөн оокатың бир тыйын болуп калат. Денсоолугуң жок сен эч кимге керегиң жок, көтөрүлгүс жүк болуп, кайнабаган шоруң кайнайт! Денсоолукту сага бирөө белек кылып бербейт, ошондуктан 20-чы жылы далдырабай денсоолукту карайлы. Жаңы Жылыңыздар менен, достор! ___________________*******_________________ С наступающим годом новым, друзья! На Новый год у меня к вам только одно пожелание - не будьте дураком, берегите своё здоровье. И всё. ****** Если у тебя нет здоровья, у тебя не будет ни любви, ни счастья, ни успехов, ни богатства, ни-че-го. И ты в целом никому и не нужен. И не нужно думать что здоровье вам кто-то подарит, это твоих рук дело, только твоих. Так что не будь дураком в новом году, старайся беречь своё здоровье. С Новым годом!
1428   88
29.12.2019 Chuy Region
Филять эле болуп турсун! ***** Тетиги Баткен аэропортунун Нургазы Жаныбеков деген жетекчиси бар экен. Ошол Баткен облусунун прокурору Халмырзаев Бакыт мени филять деп сөктү эле сөктү деп видеого тартып алып эле өлкөгө ызычуу салып атат. Кызык жигит экен деп койдум ичимен. ***** Э иним, филять деген сөздү сен түшүнбөй эле сөккү деп жатат болушуң керек. Филять деген сөз бул французчадан келген сөз түбү. Бул сөз брокурорлордун конституциясы. Брокурорлор төрөлгөндө эле филятын колуна кармай түшөт. Алар убакыт убактысы менен Филять деп турбаса иши жүрбөй, иш козголбой, тамак желбей, ыракат алынбай, мооктор канбай, өлкөдө күн чыкпай бардак болуп кетпейби иним. Кой, андай тамашаңды кой. Филяты жок брокуратура өнүкпөй оңкосунан кетпейби кокуй. Филять эле болуп турсун, ошол Филять менен баардык жаман нерсенин баары чыгып кетип турсун, тынч жашайлы. **** Кой, бовойт мындай достор, франсузча жок дегенде базовый сөздөрдү үйрөнүп алып жүрбөйсүңөрбү элди уят кылбай. А брокурор болом деген достор франсузча суудай сүйлөбөсө жолотпойт ал жака. Давай тил үйрөнгүлө.
Загрузка...
3735  
28.12.2019 Государственная Резиденция "Ала-Арча"
Чынгыз Төрөкуловичтин СССР учурунда элчи болуп тургандагы элчилик формасы экен. Үй музейин көрүп жүрүп уктоочу жайына кирсем илинип туруптур. Анан жанагы бизде бир келесоо салт барго министр, депутат же бир чоң ичкен ыстаканынан ичелик, жууба кокуй, бизге дагы жуксун алтын шилекейи, кокуй калган тамагын ыргытпагыла, жеп салалык, биз дагы чоң бололу, турсий байпагын мага бергиле шыбоосу, калдыктары балдарыма жугуп, балдарым кийип ошондой чоң болсун, алар кирген толетке аркасынан кире калайын, мен биринчи отурайын, жыты мага сиңип мен дагы ошондой сасып...ой буркурап жыттанып чоң болоюн дегенчи? Так ошол салтты эстеп кетип, кийипийеин кийипийеин деп аз эле калдым, кокуй сабыр Илим сабыр, колуңдан карма өзүңдү, элдер карап турат, бул айбан экен деп айтат деп, шек билгизбей "Иии жакшы экен деп" өзүмдү укмуш тартиптүү культур-мультур адам сыяктуу кылып шек не давать кылып чыгып кеттим. Үфффф! Биздин салттарыбыз эле бир укмуш, азгыратго чиркин азгырат...
1984  
26.12.2019
Бирөө мэрмин дейт, бирөө вице-мэрмин дейт. - Байкелер бош вакансия барбы мэрлигиңерде, бош жүрүп элдин кыжырын келтире баштадым, мен деле силердей анча-мынча аптракат байлап, аны ары-бери көтөрүп, кээде иштеп, кээде эс алып, элдин көйгөйүн көкөйгө тийгичекти көтөрүп дегендей - деп сурадым акырын шек билгизбей. - Эмне жумушка барат элең? - деп сурашты. - Мага эптеп эле бир элге түшүнүксүз мице, итце, пице деген жумуш болсо эле иштеп кете берет элем - дедим жалдырап, байкемдин колун акырын кармап. - Андай бош вакансия жок, бирок бош бир кусок пицца бар, жүрү сүрөткө түш биз менен, пиццеңден же дагы, дальше жүрө бер элдин кыжырына тийип дешти . Жүрөм анан кыжырыңарга тийип коюп. ***** А если без шуток, то классно что наши чиновники стали кататься на лыжах, выбирать активный отдых вместо просто былчыйып бешбармак и аш жегенский.