1267 239
24164
17.01.2020
Меркель кетсин!
*****
Кечээ баары эле ызычуу, спикер ит болду, кайра эле Маяне деп айтты дешип. Эй ким ит болду? Дастан Артисбековичби? Эй Меркель апа ит болду! Өткөндө эле урматтуу Дастан Артисбекович шаардын атын айталбай калганда эле дароо абалды туура түшүнүп Франкфурт-на-Майнени Маянеге алмаштырыш керек болчу! Апа ит болду, бовой калыптыр, кетсин!
*****
Дастан Артисбекович молодец! Кыргызда эркек бир эле жолу айтат - Маяне деп айттыбы? Значит Маяне. Эч ары жак бери жакка ойнобой айткан сөзүнөн жазбай келетат. Бир досум айткандай, Дастан Артисбекович, Грамм ни пи-пи! Ушундан жазбай кете бериңиз, алмаштырабыз буйруса Франкфурт-на-Майнени дагы Маяниге, Меркель апаны дагы өз кишиге! Смело вперед кыңк дебей кете бериңиз, кыргыз просто көрө албайт, завидуют ыйолкиники десе.