Ilim Karypbekov
@ilim_karypbekov
Ilim Karypbekov

Подписчики: 267540
Посты: 2934
Подписки: 100
Прошу быть корректными. Оскорбления будут удаляться и блокироваться. У меня много фейк аккаунтов. Настоящий мой где больше 250 000 подписчиков.
https://t.me/ilim_channel


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
1984  
26.12.2019
Бирөө мэрмин дейт, бирөө вице-мэрмин дейт. - Байкелер бош вакансия барбы мэрлигиңерде, бош жүрүп элдин кыжырын келтире баштадым, мен деле силердей анча-мынча аптракат байлап, аны ары-бери көтөрүп, кээде иштеп, кээде эс алып, элдин көйгөйүн көкөйгө тийгичекти көтөрүп дегендей - деп сурадым акырын шек билгизбей. - Эмне жумушка барат элең? - деп сурашты. - Мага эптеп эле бир элге түшүнүксүз мице, итце, пице деген жумуш болсо эле иштеп кете берет элем - дедим жалдырап, байкемдин колун акырын кармап. - Андай бош вакансия жок, бирок бош бир кусок пицца бар, жүрү сүрөткө түш биз менен, пиццеңден же дагы, дальше жүрө бер элдин кыжырына тийип дешти . Жүрөм анан кыжырыңарга тийип коюп. ***** А если без шуток, то классно что наши чиновники стали кататься на лыжах, выбирать активный отдых вместо просто былчыйып бешбармак и аш жегенский.
Загрузка...
4623   942
20.03.2020
Урматтуу достор! ***** Мен Нарматов мырзанын видеосун толугу менен көргөм. Ал киши чын эле бир дагы жолу келгиле мечитке деген жери жок. Ал киши чын эле ыйлап, мечит бош калды, баарыбыз Алланын колундабыз, бүгүн жума намаз, адаттагыдай нуру жаркырап турган аксакалдарыбыз жок, эл жок деп ыйлады. Бирок, Нарматовго окшогон акылдуу адам антип ыйлагандындын кесепетин жакшы түшүнүшү керек. Бүгүнкү күндүн талаптарын эске алыш керек, жоопкерчиликтүү болушу керек деп ойлойм. 1. Нарматовдун аброю эл алдында чоң, Нарматов эмне деп ыйласа, эл аны дүркүрөп колдойт. Эртең жабылган бош базарга барып, базар бош калды, нуру чачкан апалар жок деп ыйласа, эл күркүрөп чакырбаса деле барып алат ошол базарга. Мечитке барып бош калды коронавирустун айынан, суволуш коронавирус деген мааниде ыйлап койсо, калың журт мечитибизди бош калтырбайбыз, вирустан коркпойбуз деп толуп алат ошол жерге. 2. Нарматовдун элге жардамы так ушул учурда керек. Мечит бош деп бош мечиттин ичинде ыйлабастан, кайра өзүн колуна алып, элди ынтымактыка чакырып, үйдө отургула, гигиенаны сактагыла, мечитке азырынча барбай турсак эч нерсе болбойт деп. Үйүнө отуруп. Мындай эле намаз кылса ал дагы кабыл болот деп өрнөк көрсөтүшү керек. Элге, мамлекетке ошол пайда, ошол керек азыр!
1658  
16.11.2019
Дөлллярляр бузулду! ****** - Ээээй! Уктуңарбы? Азыркы заманда долларлар дагы сопсим бузулуптур! Эми сопсонун ГКНБнын тергөөчүсү сейфке 200 000$ салып койсо, баары бири дагы калбай качып кетишиптир! Жеткен сволуш болуп калышыптыр жакшылыкты түшүнүшпөгөн! Аларды тетиги эээээң башкы бркратуранын бир лөгү тирүүлөй жейин деп жаткан жеринен байкуш ГКНБнын кызматкерлери араңдан зорго куткарып келишкен. Эми тиги силерди жейм деп жаткан лөктү тимелеби сыздата соттойлу, силер 200 миңиңиңер тең сотко барып күбө болуп бергиле, ага чейин бул жерде жылуу жумшак жата тургула деп боор ооруп коюп койсо, акмактардын кылганын кара! Боорго сыздата тээп туруп качып кетишкенин! Жиниң кашаятда тимэлечи! Эми тиги бркратуранын лөгү муну угуп алып боздогонун айтпагыла дейт. Ушундан көрө ошол акмактарды мага эле калтырып койсоңор бирден гана куйруктан кармап тирүүлөй жемекмин деп ГКНБ кызматкерлерине өлө нааразы дейт. **** Кой туугандар, бовойт андай! Баарыңар карап көргүлө чөнтөктөрүңөрдү. Жанагы 200 000 шүмшүктүн бирин көрсөңөр эле сразым бергиле кайтарып ээсине, элди сыздатпай!