3746 670
47966
20.05.2020
Estadio Julio Humberto Grondona
Тазабек Икрамович!
****
Чындап эле Сизди чын дилимден жакшы көрүп калдым. Айрым кесиптештериңизди 5 жылда мыйзам жазмак турсун, жүзүн көрбөй деле өтүп кеттик. А сиз ак көңүл, ачык, жөнөкөй, карапайым, ичинде кири жок, өзүңүз айтмакчы эки жүздүү эмес, семиз эмес, даже кыйшык дагы эмес, болгонун болгондой каканаес бетке айткан молодес жигит экенсиз ыйолкиники десе! Сиз жок бул созыв эки эмес, үч жүздүүрөк, мындан дагы семизирээк, кыйшыгыраак болмок болуш керек!
*****
А тиги Жунушали Кашгаро Астаканович боюнча капа болбоңуз, ал жерде сиздин дагы, сиздин жардамчыңыздын дагы күнөөсү жок. Эл былжырап сүйлөй берет, көңүл бурбаңыз. Ал жерде күнөөнүн баары өткөндөгү желмогуздай болгон шаардын атындай эле министрдин атында. Кетириш керек мындай түшүнүксүз аты бар министирлерди чорттуку десе жакшынакай болгула калп эле өзүңөрдүн немеңерди качайтете бербей деп туруп. Түшүнүксүз аттуу министрлер түшүнүктүү деле иш жасап жыргатпайт!