Туулуп өскөн айылыма келдим.
Жалгыз эненин колунда жалгыз өскөм деп калам го. Апам экөөбүздүн үйүбүз ушул. Ушул жерден канча чыгарма жараттым. Терезенин түбүнө кошуналарды чогултуп алып,кыйкырып,өкүрүп концерт койчу элем.)) Айылга келгенде жүрөгүм толкуп бир башкача кубанам да бир кайгырып алам. Анткени үйүм турат апам жок.(( Апакемдин үмүтү акталып келетат деп кубанып да калам. Аткени бир кезде жалгыз эненин,жалгыз уулу болсом, азыр минтип жалпы элдин уулу болуп калдым. Кудайга миң мертебе шүгүр кылам. Жараткан Алла баарыбыздан ыраазы болсун.