Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com
Загрузка...
Жусуп Абдрахманов тууралуу. Эгемендик, улут жана келечек. Көпчүлүк жаштар Кыргызстанды көктөн өзү эле түшүп калган эгемен мамлекет элестетип, өлкөнү түптөө үчүн азапка баткан элибиздин басып өткөнүн, бул үчүн башын канжыгага байлап койгон улуттук лидерлерибиз тууралуу көп деле биле бербегенибиз чындык. Жусуп Абдрахманов тууралуу китепти окуп, анан күндөлүгүн барактап чыккандан кийин, азыркы абалыбыз менен салыштырып, чынында биз тарыхтан дагы деле олуттуу сабак албаганыбызды дагы бир ирет түшүнгөндөй болдум. Абдрахманов 1901-жылы төрөлсө, 19 жашында партиялык иштерге жигердүү катышып, Ленин менен бирге президиумда отурган. 30дан өтүп эң жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалап, болгону 37 жашында атылган. Эгерде ал репрессия курмандыгы болбогондо, ошончо тажрыйба менен баралына келгенде, аттиң, элине дагы далай эмгеги сиңмек экен. Бизде азыр жашы 45теги депутаттарың да "биз жаш саясатчылар" деп сүйлөп жүрүшкөнүн арга жок эстейсиң. Мен Абдрахмановдун күндөлүгүнөн эки гана учурду бөлүшө кетейин, бул азыр да актуалдуу. 1) 1931-жылы 2-майда жазган күндөлүгүндө, ал партиянын мансапкорлору менен иштөөдөн тажап, ар кандай интригалардан көңүлү калганда Төрөкул Айтматовго кызматтан кетээрин, мындай адамдар менен иштөөдөн көңүлү көк таштай калганын айтат. Анда Айтматов: -Тилекке каршы азырынча Кыргызстанды башкарып жаткан мансапкорлорду жек көрүүгө болот, жек көрүшүбүз керек, бирок Кыргызстанды жек көрүүгө болбойт жана ал мүмкүн эмес",-деп айтат. Эмне деген улуу, терең сөздөр! 2) 1931-жылы ачарчылык апаатынан качып Казакстандан Кыргызстанга келген көчмөндөргө Абдрахмановдун кийлигишүүсү менен азыктар берилип (ал үчүн кандай жаза күтүп турарын билсе да), таруу, жүгөрүнү да аябай, балдарына лагер уюштуруп, кыргындан сактоодогу орду опол тоодой болгону жазылат. Боордошторго мындай мамилеси үчүн да жетиштүү жазасын алат. Азыр жакынкы тарыхты унуткандайбыз, бир тууган деп айтылып жүргөн эки элдин чек арасы улам жабылып, кыйын кезеңде керектүү азыктарды өткөрүүнү чектеп койгон учурлар тынымсыз болуп келатканы өкүндүрөт. Жусуп Абдрахмановду окугусу келгендер интернеттен издесеңер да, белгилүү тарыхчы агайыбыз Тынчтыкбек Чоротегин, Алмаз Кулматовдор жазган макалалар бар.

Загрузка...
8026   1143
25.06.2020
Тилекке каршы “Маалыматты манипуляциялоо” боюнча Гюлшат Асылбаеванын мыйзамын Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары колдоп берди. Каршылык билдирип, каршы добуш бергендер азчылыкты түзүп калдык. “Кумтөрдөгү” эки чоң мөңгүнү талкалоо боюнча мыйзам келгенде да каршы добуш бергендер азчылыкты түзгөнбүз. Ун магнаттары буудай менен унду НДСтен бошотуп, бюджетке чоң зыян алып келген мыйзамды кароодо да каршы болгондор азчылыкты түздүк эле. Азыр да элде акча жок, жумуш жок, бюджет бөксөрүп турганда ошол проблемалардан да маанилүү кылып интернетти көзөмөлдөгөн мыйзамды алып чыгып, өткөрүп тынышты. Эң өкүнүчтүүсү, эл каршы чыгып, Сиздер керээлден кечке талкуулап, ачууланып, суранып жатканыңарды кимдер угуп жатат? Кайсы депутаттар ошондон жыйынтык чыгарып жатат? Жооп мындай. Парламенттеги олигархтар Сиздердин бир топтон бери кейип жаткан, керек болсо Акүй алдына митингге чейин келген кадамыңарга көңүл да бурган жок. Алар 7-этаждын гана көңүлүн алып, акчасын камдап, кайрадан шайлоого жөнөштү! Ушуну эми элибиз талдай турган учур азыр, ким кандай добуш берди, эсиңерден чыгарбагыла! К сожалению большинство депутатов поддержали инициативу Гюлшат Асылбаевой по «манипуляции информацией». Выступавшие против законопроекта остались в меньшинстве. В меньшинстве остались и те, кто выступал против разрушения двух ледников на «Кумтор». При обсуждении законопроекта по освобождению мукомольщиков от НДС, который принесет значительные потери бюджета и продвигается мукомольными магнатами, голос меньшинства также не был услышан. Именно сейчас, когда Кыргызстан столкнулся с острыми экономическими и социальными проблемами, население осталось без средств к существованию, многие остались без работы, бюджет страны опустошен, большинство поставило во главу проблему контроля за свободой в интернете. Самое противное в этом деле, что никто даже не обратил внимание на протесты граждан. Так кого слушают все эти олигархи во власти? Ответ прост. Олигархи, пробившиеся в парламент, выслуживаются перед седьмым этажом, ищут намеков, чтобы удовлетворить белодомовских, собирают деньги – чтобы снова прорваться к власти. Настало время выбора, не забывайте, кто из депутатов отстаивал в парла
3951   377
19.06.2020
Өкмөттүн жаңы курамына каршы добуш бердим, эмне үчүн? Өкмөт башчы болгон Кубатбек Боронов менен жеке мамилем жакшы, бирок мен системага, жалпы коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөргө, кадрдык саясатка, жоопкерсиздикке каршы добуш бердим. Илдет менен күрөшкөн дарыгерлерге, милицияга кошумча акы төлөй албай жаткан өкмөттү колдобойм. Эң биринчилерден болуп карантин башталганда эле жок дегенде 500 миң үй-бүлөгө беш миң сомдон таратуу демилгемди ушул эле өкмөт колдогон эмес. Мына, Казакстан ошону ишке ашырды, эми болсо Тажикстандын өкмөтү жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө 50$ кошуп берип баштады, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен. Бизде болсо сырттан келген акчалардын дайнын сурап чарчадык, аны айлыкка киргизип жиберишти. Ошон үчүн каршы добуш бердим. Ал эми интернетти чектөөнү көздөгөн мыйзамга да сөзсүз каршы чыгабыз, өкмөттүк эмес уюмдарды чектөөгө багытталган мыйзамдарга да дайыма каршы добуш берип келатам. Бул боюнча менин позициям так. Мени кубандырганы, коомчулук ар бир добушту көзөмөлдөп турганы. #janarakaev