Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
3568   599
23.04.2020
Коронакризис. 30-апрелден баштап жашоо кандай нукта уланышы керек жана насыялар тууралуу Мен туура бир ай мурун, 23-март күнү өкмөткө сунуш жаздым эле. ЖКдан да сүйлөгөм, МВФтен, дүйнөлүк банктан акча алалы, тышкы карызды төлөө мөөнөтүн узартууну сүйлөшүү зарыл деп. Бир тобуңар акча бербейт дедиңер, мен берет дедим. Мына, МВФ азыр жалпысы 240 млн доллар бөлдү, АБР менен 100 млн. доллар боюнча сүйлөшүлдү, Дүйнөлүк банктан 12 млндон ашуун, ЕБРР, ИБР ж/б болуп жалпысы ЖАРЫМ МИЛЛИАРД доллардай сумма карызга акча табылып жатат. Эң башкысы "Чоң жыйырмалык» (G 20) жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарынын төлөө убагын бир жылга токтотмой болду. Бул 76 өлкөнүн катарында биз да барбыз. https://www.france24.com/en/20200415-covid-19-g20-endorses-temporary-debt-standstill-for-the-poorest-countries?fbclid=IwAR0TiePB6h77Gn5Elwksb0-0RmGIOEXo81w3DBdgQybku_zaZs843m74rlw Эми Кытай сыяктуу өлкөлөргө быйыл төлөй турчу даяр акчабыз да колубузда калды. (36 млн доллар). Казакстан сыяктуу биз да бери дегенде 500 000 үй-бүлөгө 5 миң сомдон болсо да жөлөк пул берип турушубуз керек болчу, ушул сунушум өтпөдү. (Казактар 90 доллардан 3 млн жаранга берди)Аны жасай албады, анын ордуна азыраак ун, макарон, май жана чай берүүнү чечишти. (аны да мэрлердин атын атап, партиялардын аттарын атап берип кошоматчылар иттей эле элди жийиркентти). Жеке менчик деген шылтоо менен квартиранттарды чыгарбай туруу чечимин да кабыл алышпады, бул боюнча дүйнөнүн көп өлкөлөрү чечим кабыл алганына карабай. Эми 1-майдан кийин дагы узарса, тейлөө кызматтарында иштеп күнүмдүк акча тапкандарга дагы оор албетте, квартира акысы жүрөктү өйгөн чоң маселе болот. Эми Орусия, Казакстан баш болуп карантинди узартып жатышса, абал анча жакшы эмес, демек бизде да узартуу чечимин кабыл алышат. Анан эмне болот? Ушинтип Эл аралык каржы институттарынан каражат чогултуп жүрө беребизби же ошол түшкөн акчаны элге, ишкердикке берип баштайбы? Тез арада каражатты элге бериш керек, пайызын тактап туруп, чакан жана орто бизнеске да банктар аркылуу 1-майдан тарта кредиттерди берип башташыбыз шарт. 30 млрд дефицит деп жаттык эле, бул кетиште сырттан алчу каражат 1 млрд долларга жакындачудай болуп турат. Эми карызды төлөө узарып жатса>>>