Жанар Акаев
@janarakaev
Жанар Акаев

Подписчики: 421926
Посты: 1040
Подписки: 108
twi: JanarAkaev fb: Janar Akaev akaevj@gmail com

 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
2018     31719
20.09.2019
Тажикстан тарап баштаган курулуш иштеринин баарын бузуп жатышат, муну ошол жерде жүргөн Чек ара кызматынын жетекчилиги менен азыр сүйлөшкөнүмдө да тастыктады. Кечээ жабык жыйында Эл өкүлдөрү тарабынан өкмөткө көп милдеттер жүктөлдү. Кошуналардан эмес, өзүбүздөн да көз каранды болгон бир топ маселелер бар. Мен чек аралаш Максат айылында мамлекет куруп берген үйлөргө көчүп барган жарандар үйгө документ алыш үчүн тиешелүү кызматтарга алар 35 миң сом төлөш керек экен, үйдүн документи толук бүткөнчө 50 миң сомдой сарпталаарын айттым. Чек аралаш айылдагы тургундарда мындай акча кайдан? Өкмөт башчы муну тез арада чеээрин айтты, көзөмөлгө алып, артынан түшүп бүтүрөбүз буюрса. Эгерде чек аралаш айылдарда калкты кармайбыз десек, бюрократиялык мындай көрүнүштөрдү дароо жокко чыгарып, инфратүзүмдөн акчаны аябашыбыз керек. Аксайдагы жол куруу, ирригация ж/б үчүн өкмөттөн былтыр 200 млн сомдон ашуун акча бөлүнгөн, муну жылдап көбөйтүш керек. Чек ара маселеси качан ызы-чуу чыкканда эмес, туруктуу көңүл бурууну талап кылат. (Видеодо тажик тарап курулушун бузуп жатканы)
Загрузка...