.....
Мезгил тынбай азайтса да кубатты,
Адам улам болоюн дейт кубаттуу.
Күндөй өмүр байкалбастан жок болот,
Нуру өчүп батып кеткен сыяктуу.
⠀
.....
Олтурганча телефонду кармалап,
Куран үйрөн окусаң да тамгалап.
Кыпындай бир жакшылыгың унутпа,
Жаннаттагы жашооң үчүн арналат.
⠀
.....
Мүрзөм кийин толсун десең нур менен,
Намаз оку сырдаш болуп түн менен.
Өлүм даамы кылыч менен бөлгөндөй,
Эчен кыйын тер агызып сүрдөгөн.
⠀
.....
Кечээги күн эми келбейт кайрылып,
Берешен бол көңүлдөрдү таң кылып.
Сараңдыгың сызга айлантат денеңди,
Кетсең дагы алтын кабыр салдырып.
⠀
.....
Оо, көңүлүм кейибечи анчалык,
Кереги эмне болбос ишке чаң салып.
Акмактардын мамилесин акырын,
Ыргытып сал таштандыга алпарып.
⠀
.....
Периштедей жашасаң да күндө сен,
Пенделерден чыгат билгин сүйбөгөн.
Кек сактабай чөлдү гүлгө айлантып,
Кетериңде жылмайып кет дүйнөдөн.
⠀
.....
Пенде өмүрдө сүйөт жана сүйүлөт,
Бирде күлүп, бирде туруп күйүнөт.
Бирок билгин кандай адам экениң,
Кимге ашык болгонуңдан билинет.
⠀
.....
Кир дүйнөдөн көңүл кургур булганды,
Ким каалабайт түбөлүктүү жыргалды.
Жашай бер деп акыретке аттанып,
Жакшы адамдар кетип калган турбайбы.
⠀
.....
Карай калсам бир кылчайып артыма,
Кайгы салган өкүнүчтөр бар тура.
Кечээги күн батпачудай көрүнүп,
Кечир ата жетпептирмин баркыңа.
⠀
.....
Күнөөбүз көп көбүгүндөй деңиздин,
Күндө эстеп жан дүйнөмдү кейиттим.
Алла Таала бирок чексиз мээримдүү,
Ал кааласа берет төрүн бейиштин.
⠀
.....
Өмүр мынча кыска экенин карачы,
Өлүм менен бир карыштай арасы.
Баласына Азирейил келгенде,
Пайгамбар да боло албаптыр арачы.
⠀
.....
Ачуу тагдыр кимдин келсин көргүсү,
Сыноолорго чыдап жашайт эр киши.
Бүгүн тарткан кыйынчылык түшүнгүн,
Эртең келчү бакытыңдын белгиси.
⠀
.....
Кейибегин сонун күндөр алдыда,
Жетиш үчүн басуу керек алдыга.
Сабыры жок алсыз жандын канчасы,
Тура алышпай жаткан жерде калды да.
⠀
Жеңишбек Жумакадыр