Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
💐- Урматтуу Сократ, кандай дейсиз, үйлөнсөмбү, же үйлөнбөй эле койсомбу? - Кайсынысын жасасаң деле - баары бир өкүнөсүң, - дептир акылман. ⠀ 💐Дагы бири дал ушундай суроо берсе, Сократ дептир: " Эч нерсеге карабай үйлөн. Аялың жакшы чыкса бактылуу болосуң, жаман чыгып калса ойчул болосуң." ⠀ Сократ күйгөндөн айтыптыр: " Адамдарды терең тааныган сайын, итимди кадырлай баштадым" ⠀ 💐Нью-Йоркто коюлган пьесасынын премьерасынан соң Бернард Шоу башкы ролду ойногон актрисага төмөндөгүдөй телеграмма жөнөтөт: «Эмне деген ажайып?! Эмне деген керемет?!» Толкунданган актриса жооп кайтарыптыр: «Ашкере мактап койдуңуз». Бернард Шоу кайрадан телеграмма жиберет: «Мен пьесаны айтып жатам». Анда, актрисанын жооп телеграммасы: «Мен дагы». ⠀ 💐Марк Твенге бир тааныш келин арызданыптыр: - Түшүнсөм өлөйүн: күйөөм кээде - эркектей, кээде - катындай. - Бул - тукум куучулук, - дейт Марк Твен. - Күйөөңдүн эзелтен келаткан тукумдарынын теңи - эркек, теңи - катын экенин унутпай жүр. ⠀ 💐Бернард Шоуго бир бейтааныш жигит кайрылыптыр: - Атактуу юморист жазуучунун дал өзү турбайсызбы! Сиздин атаңыздын тикмечи болгону чынбы? - Чын, - дейт Шоу. - Анда, сиз эмне үчүн тикмечи болбой калдыңыз? - Аны айтыш кыйын... Тукум куубаган учурлар деле болот тура. Мына, сиздин атаңыз сыпайы мырза болушу керек. - Албетте. - Бирок, сиз деле атаңызды тартпай калыптырсыз да. ⠀ 💐- Сиз канча акча тапсам деп кыялданасыз? - деп сурашат бир жолу, Бернард Шоудон. - Коңшуларым ойлогондой. ⠀ 💐Италиянын улуу композитору Россини отузга чыкканда Милан шаарынын шаардык кеңеши ага эстелик тургузууну чечет. - Ал эстеликке канча каражат кетет? - деп сурайт композитор. - Үч жүз миң лир. - Үч жүз миң лир?! - деп шыпшынат Россини. - Анда мындай кылбайлыбы: бул акчаны мага эле бергиле, мен Миландагы ошол эстеликтин ордуна күн сайын эки-үч сааттан туруп берип жүрөйүн. ⠀ 💐Улуу композитор Шарль Гуно көкүрөгүн урган бир жаш музыкантка акыл айтыптыр дешет: - Өнөрдүн өрүн улам өрдөгөн сайын эски мастерлерди баалай баштайсың. Мен сендей кезимде «Мен элемин!» дечүмүн. Жыйырма төрткө чыкканда: «Мен жана Моцарт» деп калдым. Кыркка келгенде: «Моцарт жана мен» дей баштадым. А азыр болсо: «Моцарт» дегенден башканы айтпайм.

Загрузка...