💐 Миң жыл жашаган Нух пайгамбар айткан экен:" Ушунча өмүрүм, үйдүн бул эшигинен кирип, тиги эшигинен чыккандай эле болду."
⠀
💐 Муса пайгамбар Жараткандан;
" Оо, Жаратканым, пенделериңдин арасынан досторуңду айтчы, мен аларды Сен үчүн жакшы көрөйүн" деп сураганда, Алла Таала:
"Бардык кедейлер, кедейлер" деген тура.
⠀
💐Иса пайгамбар айткан экен: "Жүрөгүңөрдө буудайдай ишенич болсо, тоону ары жылдырсаңар болот."
⠀
💐 Мухаммад пайгамбарыбыз (Аллахтын дубай саламдары болсун) айткан экен:
" Кимде -ким туруктуулук менен күнөөлөрүнө өкүнүп тооба кылууну улантса, Алла аны ар кандай кайгыдан кутултуп күтпөгөн жерден ырыскы берет"
⠀
💐Азирети Али айткан экен: " Дүнүйөнүн адалы- сурак, арамы болсо- жан кейиткен азап"
⠀
💐 Улуу аалым Имам Газзали айткан экен:
" Бир периште бийик үн менен: Кандай гана абалда болбосун, Алла Таалага мактоо айткандар ордуларынан турушсун! " деп жар салат. Бул топ чексиз бакытка бөлөнүп бейишке жол тартат.
⠀
💐 Канчалык гений болсоң да, тагдыр сенден күчтүүлүк кылат.
⠀
💐 Өмүрдүн аягы өлүм болгон соң, ашыкча жанталашкан пенделерге таңмын.
⠀
💐Баардык оорунун дарысы бар. Бир гана карылыктыкы жок.
⠀
💐 Бүт дүйнө караңгылыкта уктап жатканда, кээ бир үйлөрдү периштелер курчап, нур чыгып турат. Себеби ошол учурда үй ээси жай намаздын үстүндө эле.
⠀
💐Бирөөнү, башкалардын көзүнчө унчукпай эле көзүңдүн кыйыгы менен жактырбай карап ишарат кылсаң, амал дептериңе гыйбат кылды деп жазылат.
⠀
💐 Бирөөнүн бактысын кызганганың,
Алла Тааланын ишине кийлигишкениң.
⠀
💐Жамгырдан кийин кол чатырды унутуп салгандай, пайдаң тийбей калганда унутуп койгон адамдар бар.
⠀
💐Өзүң ойлочу, Жараткан ушунчалык мээримдүү болгон соң, сурасаң кантип эле бербей койсун. Демек сурагандын сырын үйрөнмөк лазым.
⠀
💐 Биз байкуш деп боор ачыган оорулуулар, сурак күнү көлөкөдө, бизге байкуш деп боорлору ачыйт.
⠀
💐Ар күнү жашыруун садака бере бер, садака бере бер. Бир күнү тагдырың сүйүнүчтүү бакыттарга толот.
⠀
💐Эгер чындап акыйкат сен тарапта болсо, актануунун кереги жок.
⠀
Топтогон Жеңишбек Жумакадыр