💐Өмүр аңгеме сыяктуу.
Кеп анын узундугунда эмес, эң кызыктуу жашалгандыгында.
⠀
💐Унчукпай таба тургандарыңа сөздөрүңдү коротпо.
⠀
💐Адамдын эң эле акмагы, бардык иштен кынтык издей бергени.
⠀
💐Ашказан аркылуу сүйүүдөн, кулак аркылуу сүйгөндүн сүйүүсү күчтүүрөөк кылат.
⠀
💐Сүйгөнүң ырга айланганда, сен акын боло баштайсың.
⠀
💐Бакыт изде, байлык изде, дос изде. Бирок эч качан бирөөнүн кемчилигин издебе.
⠀
💐 Пенде көбүнчө бакытка бир кадам калганда, бүттү, сабырым түгөндү дейт.
⠀
💐Сага жылмайып карап турган адамда эмне деген гана сырлар жатат.
⠀
💐Акылдуу адам түшүнгөн нерселерин айта бербейт. Бирок айткан нерселерин түшүнөт.
⠀
💐Же өзүңдү тандайсың же өзгөлөрдү. Өзгөлөрдү тандасаң, тагдыр өзгөлөргө сени тандатып койот.
⠀
💐Эч философиянын кереги жок: сүйсөң сүйүлөсүң, сөксөң сөгүлөсүң, өлтүрсөң өлтүрүлөсүң.
⠀
💐Убактылуу азгырыктарга ийилем деп, чыныгы махабатыңа аркаңды салып алба.
⠀
💐Эң оор сөз: сен мага убада бердиң эле го...
⠀
💐Сени жаман көргөндөрдөн, жакшы көргөндөр көп болсо демек туура жашап жаткандагың.
⠀
💐 Китепти кармап окубайт, тандап окуйт.
⠀
💐Ар бир күлгөн адам эле бактылуу болбогондой, ар бир ыйлаган адам күчсүз эмес.
⠀
💐Бирөөнүн таарынычын көтөрүп жүргөндөн оор жүк жок.
⠀
💐 Көңүл баркын билбегенге, өмүр гүлүн аманат бербе.
⠀
Топтогон Жеңишбек Жумакадыр