Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
💐Эки дүйнөнүн асыл мырзасы, сүйүктүү Пайгамбарыбыз(САВ) кандай сонун айткан: " Эки соргок бар, алар тоюшпайт. Бири илимге тойбойт, экинчиси байлыкка тойбойт." ⠀ 💐Бактысыздыктын башаты наалыгандык. Эч качан наалыбай жашагын. ⠀ 💐Тагдырдын сага берген сыйлары менен сыноолорун салыштыр, ошондо ыраазы болуп жашайсың. ⠀ 💐Бирөөлөрдүн ырахматын күтүп жашасаң, демек сен адашкан жолдосуң. ⠀ 💐Периштелер алыстабасын десең, кийимиң менен тиштериңди дайыма таза алып жүр. ⠀ 💐Орто жолду карман. Өтө кымбат же өтө шалбырак жупуну кийинбе. Бактылуулук жөнөкөйлүктү жакшы көрөт. ⠀ 💐Байлыктан дагы өткөн байлык балдарың экенин унутпа. Жараткандан коркуу атак-даңктан дагы жогору турарын эсиңен чыгарба. ⠀ 💐Сага эч ким ичи тарлык кылбаса, демек сенде жакшылыктар, ийгиликтер жок. Сыйлашар досуң болбосо демек сен жакшы мүнөз, адеп-ахлакка ээ эмессиң. ⠀ 💐Имам Азам Абу Ханифа сабак берип жатканда бири келип: " Сиздин соода кемеңиз кырсык болуп деңизге чөгүп кетиптир" деп угузат. Имам Азам: " Кудайга шүгүр" дейт. Бир аздан кийин баягы киши келип: "Кечиресиз, чөккөн кеме сиздики эмес экен" дейт. Имам Азам: " Кудайга шүгүр" дейт. Акыры таңгалгандар сурашса:" Эки кабарды тең укканда жүрөгүмдү тыңшап көрдүм. Ичимден кенедей да кайгырууну сезбедим. Дүнүйөгө карата жакшы көрүү сезимин жүрөгүмө салбагандыгы үчүн Жаратканыма шүгүр келтирдим" дейт. Бай бол, бирок байлыгың жүрөктө эмес алаканыңда болсун. ⠀ 💐Жебрейл периштеден суралганда айтат: "Мен нөшөрлөп жааган жамгырдын ар бир тамчысынын эсебин билем. Бирок илим жолунда жүргөндөргө берилген садаганын сообунун эсебин билбейм." Келечегибиз жакшы болсун десеңиз студенттерге колдоо көргөзүп жардам бере жүрүңүз. ⠀ 💐Колдон келсе кылган жакшылыктарыңды элге көрсөтпө. Мактаныч болуп калса, күзүндө араң чогулткан эгиндериң күйүп кеткендей абалда каласың. ⠀ 💐Ар бир кыйынчылыктан кийин жеңилдик келет, ар бир азаптан кийин кутулуу бар. Кудайдын мыйзамы ушундай: адамдардын абалдары дайыма өзгөрүп турат. ⠀ 💐Бир даанышман дубалына үч эрежени жазып коюптур: Биринчиси: Бүгүнкүнү эртеңкиге калтырба. Экинчиси: Ой жүгүрт жана шүгүр кыл. Үчүнчүсү: Эч качан ачууланба. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр

Загрузка...