Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Тилим үчүн түгөнүүгө даярмын. Улуу жолду басып келген, Улуу белди ашып келген. Тоо элинин каны сымал, Толкун болуп ташып келген. Менин тилим кыргыз тил, Тилим менен ажырагыс, Дилим дагы кыргыз бил. Мен кыргызмын, Кыргыз болуп калган үчүн, Көктө өчпөс жылдызмын. Ким кыргызга суктанышса, Тилин билсин кыргыздын. Өмүрдөгү багытым бар, Өз дегенде намысым бар. Ошон үчүн кыргызмын. Тили үчүн, Күйсүн ар бир атуулдар. Тили үчүн, Күйгөн нечен асылдар. Тилим үчүн менин дагы, Күйө турган акым бар. Кыргыз болуп төрөлгөндөр, Кыргыз тилин унутууга, Айтчы кандай акың бар. Мен кыргызмын, Кыргыз болуп калганыма кубанам. Кыргыз болуп төрөлгөнмүн, Кыргыз болуп талпынганмын уядан. Кыргыз болуп жаралгандар, Кыйшык сүйлөп турушканга, Кызарам да, уялам. Кыргыз тилсиз Алатоодо, Көркү чыкпайт турмуштун. Тил кармаган тизгиниңди, Кай тарапка ыргыттың. Тил жоголсо билбейсиңби, Жоголорун кыргыздын. Кыргыз болсоң, Сакта, сакта тилиңди. Кыргыз болсоң, Сатпа, сатпа тилиңди. Кыргыз тилин жерип сүйлөп, Эч келтирбе жиниңди Өгөйсүнүп өз тилиңди, Өзгөлөргө жагалданба. Ушул тилдин азабынан, Улутунан, Унут болгон жандар канча. Кыргыз болбой калдым дей бер, Кызыл тилиң, Кыргызчадан тайгаланса. Эмнең бакыт айтчы мага, Эне тилиң майдаланса. Кыргызсың сен кыргыз менен, Кыргызың бар кыргыз деген. Тилиң кыргыз Сүйлөгөнгө кыргыз болуп, Сүйүн кыргыз. Үшүттүрбөс Алатоодой, Үйүң кыргыз. Улутуңду урматтаган, Үнүң кыргыз. Түпсүз бүтпөс тилиң менен, Дүнүйөгө Билин кыргыз. Жер жүзүнөн экөө болсо, Түгөнбөй экөөнө тең батар кыргыз. Антсе да улуу улут, Алатоого чакан кыргыз. Акылсыз өз тилин унуткандар, Акыры сыйласаңчы, Ардактап күчүн берген, Атаң кыргыз! Алпештеп сүтүн берген, Апаң кыргыз! Кымбат тилин унутту эле, Качан кыргыз! Ук аталар, ук апалар, Бата бергин кыргызга. Болсун батаң кыргызча. Ук агалар, ук жеңелер, Карындаштар, эжелер. Айтар сөзүм бир нуска. Өз баркыңды билбей жатып, Өзгө жакка тырмышпа. Биздин тил алсыз дейсиң, Бабаларым «Манас» айткан. Ай-жылдап түгөтө албай, Акындар санат айткан. Ааламдын сырын билип, Ай-жылдыз санап айткан. Ушул тил алсызбы анан, Уулаган сөзүңдү угуп. Үшкүром кайгыланам, Сулуу тилим сумсайып бара жатат, Сендейлердин арабызда бардыгынан.

Загрузка...