Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Көбөй, Кыргыз тезирээк. Келечекти кеңейтпейлиби, Келинчекке кеңешпейлиби. Кыр, тоолорду тарттырбай кийин, Кыргыздарды көбөйтпөйлүбү. Өзгөлөргө Манас, Бакайбыз, Өзүбүздү баатыр атайбыз. Бир көз ирмем чагылган болуп, Бир аялдан коркуп жашайбыз. Ар тарапта ойноп күлгөндөр, Аралашма доор сүргөндөр. Кошумчаңар кайсы мекенге, Койколоңдоп бойдок жүргөндөр. Жомок кылып айтып мисалга, Жолукканча силер гүзалга. Кызыгына батып каапырлар, Кыздарыбыз кетти кытайга. Байларыбыз албай экиден, Байкуштардын духу бекиген. Ойноп бирок батир алперген, Ойноштору чыгат четинен. Баткак жолдо сүйүү тапкандар, Башы менен отко баткандар. Тагдырыбы ушул улуттун, Таштандыда жаткан жаш балдар. Арам ишти кылбай жылдырып, Алгының да нике кыйдырып. Байбичеңден, кара көзүңдөн, Балдарыңды чоңойт тың кылып. Батыштанбы, кайдан алышты, Балакеттүү нерсе жабышты. Үбөлүктөй азыр келиндер, Үчтөн ашык туубай калышты. Толкундарды жеңген кемелер, Тоодой бакыт, асыл денелер. Кайраты зор айкөл турбайбы, Кайран биздин баатыр энелер. Айланайын карындаштарым, Айланчыктап кечке баспагын. Элдин болбой кара далысы, Элдик жигит болсун тапканың. Бойдок жүргөн эркек султаным, Болсун десең Кыргыз, ук баарың. Кайырчы да жанын багалат, Карагыла кыргыз кыздарын. Казактарды басып өтөлү, Калгандарын ашып өтөлү. Сонундарды сактап жаттардан, Соолубасын кыргыз өзөгү. Кудай деген билген Улуу зат, Куран менен берди уруксат. Кайдыгерлик кылсаң улутка, Кайыр диндер оору жугузат. Аялдарга жакпайт билемин, Аяр жандар жактайт билемин. Жесирлерди жалгыз калтырбай, Жетип байлар алсын тилегим. Кыргыздын бар тарых салтында, Кыраан болсоң, тургун тартынба. Оо дүйнөгө кетсең көзүң жуумп, Отуз балаң калсын артыңда. Кичирейбей кенен болгун да, Ким багат деп, турат оюңда. Ыйлап келген бардык жандуунун, Ырыскысы Кудай колунда. Болбош керек бизде жакырлар, Болуш керек жалаң асылдар. Үч аялды айтып не кылам, Үч айылды багат баатырлар. Эртең деген дайым кечигет, Эртелесең баары чечилет. Көчөлөрдү тарттырып ийбей, Көбөй Кыргыз, көбөй тезирээк.

Загрузка...