Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Сууга чөгүп өлүп баратсаң, ары жакта кайыкта отурган сулуу кызга суктанып карай аласыңбы? Сурак күнү дал ошондой тозоктун отуна түшүп калышыма себепкер болуп калбасын деп жанталашып адамдар бири-биринен качышат экен. Атасы баласынан, баласы апасынан качат. Аллахтын эң каарданган учуру. Пайгамбарыбыз гана Аллахтын аршынын алдында саждада ыйлап: Үммөтүм, үммөтүм деп жаткан болот. Жараткан: Оо, Мухаммед! Башыңды көтөр, эмне сурайсың,сураганың бүт аткарылат дейт. Пайгамбарыбыз: Үммөтүм, үммөтүмдүн эч кими тозокко кирбесин дейт. Алла Таала: Үммөтүңдүн эч күнөөсүз тазалары жана жүрөгүндө кыпындай ыйманы барлары, бири калбай жаннатка кирсин дейт. Жүрөгүбүзгө кымындай болсо да ыйман даамын таттырган Жаратканыбызга чексиз шүгүрлөр болсун. Пендебиз баарыбыздын кемчилигибиз толтура , бирок тобоо кылып өкүнүп кечирим сураганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жума күнүңөр берекелүү улансын 💐

Загрузка...