Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Бир жигит сулуу кызды ушунчалык катуу сүйүп калып, ага баш кошуп өмүрлүк жар болуусун айтат. Кыз болсо жигитти сынап, бир гана шарт менен макул экенин түшүндүрөт. Эгер мага үйлөнгүң келсе, анда апаңдын жүрөгүн алып келип бер дейт. Жигит бул сунушка таңгалып бир чети ачуусу келип бирок ашыктыктын айынан кызга жок дей албай терең ойго батыптыр. Уктай албай кыйналып күндөр өтөт. Бир күнү сырттан түш ченде үйгө кирип, уктап жаткан энесин көрөт да, жанына барып бир убакытка чейин карап отурат. Энесинин бырыш баскан жүзүн көрүп, карыды, ичер суусу түгөнөрүнө ансыз деле аз калды. Андан көрө жүрөгүн сууруп ашыгыма үйлөнөйүн деп шайтан салган пикирге баш ийет. Уктап жаткан апасынын жүрөгүн сууруп алып кызды көз алдына элестетип сүйүнгөн бойдон сыртка жүгүрөт. Босогого чалынып жыгылып колундагы энесинин жүрөгү ыргып кетет. Жигит ооруган бутун басып башын көтөрүп жүрөктү караса, жүрөктүн толтоосунун бир жагынан сүт, бир жагынан жаш агып үн чыккан экен: -Кагылайын балам бир жериң ооруп калган жокпу?

Загрузка...