Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
🌹🌹🌹 🌹Акырындык менен сүйлөп, бат ойлонгула. 🌹Адамдарды туугандарына карап күнөөлөбөгүлө. 🌹" Мен сени сүйөм " - деп айтсаңар, чындыкты гана айткыла. 🌹" Мен өкүнөм " - деп айтсаңар, адамдын көзүнө тике карап айткыла. 🌹Эч качан бирөөнүн түшү менен кыялдарына күлбөгүлө. 🌹Адамдарга алар күткөндөн көбүрөөк берип, жана аны кубануу менен жасагыла. 🌹Ар дайым мээңерге Куран аяттарынан сактап жүргүлө. 🌹Уккан нерсеңердин баарына эле ишене бербегиле. Канча садага кылсаң андан көп келчү кырсыктар жок болорун унутпагыла. 🌹Улуу сүйүү менен чоң жетишкендик ар дайым чоң тобокелге салат. 🌹Качан жеңилип калганыңарда, мындан сабак жана пайда алууга аракет кылгыла. 🌹 Өзүңөрдү жана өзгөлөрдү да сыйлагыла. Өзүңөрдүн ар бир кылган ишиңерге жооп бергиле. 🌹Кичинекей талаш-тартышты деп, чоң достукту бузууга жол бербегиле. 🌹Эгер, ката кетиргениңерди түшүнүп калсаңар, анда аны токтотуп салбай, кайра бат түзөтүүгө аракет кылгыла. 🌹Ар күнү кандайдыр бир убакытты жалгыздыкта өткөрүүгө аракет кылгыла. Анткени, жалгыздыкта мээ сергип, көп нерсени туура ой-жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет. 🌹Көбүрөөк китеп окугула. Котормо. Жеңишбек Жумакадыр

Загрузка...