Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Мевлананын асыл сөздөрү: 💐Гүлдү күлгөнгө бер, Жүрөктү сүйгөнгө бер. Сүйгөн сонун нерсе, Кадырды билгенге бер. 💐Сүйүү жана мээримдүүлүк инсандын, жинденүү жана шахват айбандардын сыпааты... 💐Көз экөө, кулак экөө, ооз бирөө. Көп көрүп, көп угуп, аз сүйлөө керек. 💐Чөнтөгү калың, бирок жан дүйнөсү жука адамдын абалын кара: Анткени ал бардык нерсенин баасын билет, бирок улуугун билбейт. 💐Өлүм- чындыгында тирүүлүк. Көрүнүшүндө жоктук, акыйкатта түбөлүктүүлүк. 💐Акылдуу адам иши менен, акылсыз адам киши менен алек. 💐Алтын болсом баркымды баары билет. Мен жөнөкөй гана темир болоюн, баркымды түшүнгөн билсин. 💐Адептүү адептүүлүгүнөн унчукпайт. Адепсиз мен сүйлөткөн жокмун деп ойлойт. 💐Кол сындыр, бут сындыр. Керек болсо моюн сындыр, бирок эч качан бирөөнүн көңүлүн сындырба. 💐Тоодой күнөөлөрдү бир тобоо өкүнүч менен өчүргөн Кудайыбыз бар. 💐Кандай болсоң, ошондой көрүн. Кандай көрүнсөң ошондой бол. Адебиң жүзүңдөн окулуп турсун. 💐Кебездей жумшак сүйлө, бирок туурадан башканы сүйлөбө. 💐Кечээ мен акылдуу элем, дүйнөнү өзгөртүүнү кааладым. Бүгүн билимдүү болуп өзүмдү өзгөрттүм. 💐Ким менен сапарлаш, ким менен курдаштык кылганыңда этият бол: себеби булбул гүлгө, карга күлгө алып барат. 💐Болбойт деген нерсеңдин баары болот. Жыгылбайым дейсиң, жыгыласың. Таңгалбайм дейсиң таңгаласың. Эң кызыгы ушунда, өлдүм дегениң менен кайрадан жашайсың... 💐 Таарынуу же урушуу үчүн шылтоо издебей, сүйүлүү жана сүйүш үчүн чара издегиле. 💐 Сени сүйгөндү уу болсо да жут. Сени сүйбөгөндү бал болсо да унут. 💐Алтын менен кооздолгон кийим кийгенди, кемер тагынганды үйрөнгөн эй пенде. Акыры сага эч бир тигиши болбогон кийимди кийгизишет. 💐 Бир адамдын күлгөнүнөн анын тарбиясын, ал эми эмне үчүн күлгөнүнөн болсо акылынын курчтугун жана даражасын түшүнсөң болот. 💐 Бирөө абдан сонун сүйлөп жаткан болсо, демек угуучунун терең түшүнүгүнөн жана кунт коюп угуусунан. 💐 Канчалаган адамды көрдүм, үстүндө кийими жок. Канчалаган басып жүргөн кийимдерди көрдүм, ичинде адам жок. 💐 Мен адамдарды жүрөгүм менен да, акылым менен дагы сүйбөймүн. Себеби жүрөк токтойт, акыл унутат. Мен адамдарды рухум менен сүйөмүн. Себеби рух токтобойт жана унутпайт.

Загрузка...