Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Саясий Чагылган. Көрүшкөндө көздөр тике карабай, Эки башка партияда баладай. Жүрөк сырын жүзүбүздөн байкашып, Баратабыз темир торду аралай. Биз ал кезде таанышканбыз жаңы үйдөн, Жарым карыш чыккым келбейт ал үйдөн. Авторитетиң көрүп алсын дегенсип, Аңгыча эле чалып калды Ак үйдөн. Чалган кезде неге сени карадым, Чөнтөк булкуп ысып турду таманым. Дагы, дагы чала түшсө экен деп, Ошондо мен Ак үй жакты самадым. Баары качып кеткенинче кичине, Баш катабыз бир түрмөнүн ичине. Далай күндү дал ушинтип өткөрдүк, Неге мынча мансап кызык кишиге.

Загрузка...