Бир ач көз киши падышанын алдында тамактанат.
Анын ач көздүк менен козунун этин жеп жатканын көргөн падыша: «Эмне мынча ач көздөнөсүң, эмне сени козунун энеси сүздү беле?»- дейт.
Ач көз киши: «Эмнеге бооруң ооруп жатат, же сени козунун энеси эмизди беле?» - дептир.