Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
ИЗДЕЙМ СЕНИ Жааган кардын түрлөрүнөн, Бакчалардын гүлдөрүнөн, Ашыктардын жүрөгүнөн, Издейм сени. Айдын, Күндүн нур өңүнөн, Асылдардын тилегинен, Акыйкаттын мүрөгүнөн, Издейм сени. Көпөлөктүн учушунан, Көңүлдөрдүн чокусунан, Деңиздердин толкунунан, Издейм сени. Акыл-ойдун тазасынан, Ааламдардын башатынан, Аталардын батасынан, Издейм сени. Сүйүүлөрдүн желегинен, Момундардын белегинен, Зикирлердин тереңинен, Издейм сени. Улуулуктун данегинен, Урмат-сыйдын дарегинен, Үммөттөрдүн карегинен, Издейм сени.

Загрузка...