Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Бул окуя аныктыр, Шаршен тойго барыптыр. Ырдап бер эми кана деп Ыктуу кеп сунушталыптыр. Шаршенге сунуш жагыптыр, Шар эле обон салыптыр. Көп убакыт токтобой, Көзүн жумуп алыптыр. Ойлорго улам байыптыр, Ой келди күүнү чалыптыр. Көзүн ачып караса, Бир эле кемпир калыптыр. Эл тараптыр таза дейт, Алардыкы ката дейт. Баа берген булбул үнүмө, Ырахмат сизге апа дейт. Анда кемпир кеп айтат, Анык кепти эми айтат. Сен отурган көрпөчө, Меники эле деп айтат. Төксөң да кептин шекерин, Ырыңды угуп нетейин. Төшөктү берчи байболгур, Эртерээк үйгө кетейин. Жеңишбек Жумакадыр

Загрузка...