Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Эх, сүйүү.💓 Бири бирин жандашып, Бак аралап жай басып. Сүйлөшчү экен кыз-жигит, Сүйүүлөрүн арнашып. Көрүшпөсө сагынып, Көп ойлорго багынып. Түйшөлчү имиш экөө тең, Түштөрүндө жалынып. Жолукканда ырдашып, Жобурашып сырдашып. Келечек үмүт жол менен, Келишчү экен кырды ашып. Убакыт өтөт, күн өтөт, Убайым жанды жүдөтөт. Бактылуу жандар акыры, Баш кошуу үчүн сүйлөшөт. Кучагын жайып жүгүрүп, Кудуңдайт жигит сүйүнүп. Кылгырат көзү кыздын да, Кылыктуу жаны билинип. "Кеп бекен сүйүш сөз берип, Кетпейби таштап өзгөрүп." Көгүчкөн моюн жигитин, Көрөм дейт ичтен текшерип: "Кадырым чындап билсең көп, Кабагың анда бүркөлбөйт. Тээтиги тоодо бир гүл бар, Тез апкел мени сүйсөң" дейт. Сунушу кыздын жагыптыр, Суулардай тери агыптыр. Албасам болбойт сени деп, Ал гүлгө жетип барыптыр. Жылмайса көктөн Күн карап, Жылмаят жигит гүл карап. Бүгүлүп ылдый байкаса, Бүктөлүп жатат бир барак. Убакыт кыска аз экен, Уланга бул сыр жат экен. Акырын ичин окуса, Арналган ага кат экен: "Шашылып гүлдү жулушка, Шайтанга көңүл жылытпа. Аткарсаң кыздын айтканын, Ата- энең өлөт унутпа." Тагдыр деп кайгы жебептир, Табылмак беле бөлөк гүл. Күттүрбөй сүйгөн ашыгын, Гүлдү үзүп алып жөнөптүр. Кызыгым жашоом багым деп, Кызыл гүл сага жаным деп. Кол сунуп кызды таңгалтып, Коюптур сүйүү далилдеп. Ашыктык мынча булгайбы, Ата-эне калды бул кайгы. Деп кейип жатсак, а жигит, Детдомдо өскөн турбайбы. Жеңишбек Жумакадыр.

Загрузка...