Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Күтүп жүрөм. 💘 Көңүлүң болбосо да көңүлүмдөй, Көздөрүң Кара- Кече көмүрүндөй. Батыраак жүрөгүмдү айыктырчы, Баткендин кызыл кандек өрүгүндөй. Сагалап үйүңө да көп баргамын, Сага деп канча сонун кеп тандадым. Жемеңди жеген сайын кубаттанам, Жегендей Нарынымдын беш бармагын. Кыялым Кожожаштын аскасындай, Кылыгың Американын акчасындай. Тийгиче жалынамын , жалбарамын, Тилегим Жалал - Абад пахтасындай. Аш ичпей калдым матиз моторундай, Ашыктык кыйнайт тура баш оорудай. Татынам сени чоочун албаса экен, Таластын түрктөр жеген фасолундай. Жабыркап сөз берүүдө дал ушундай, Жан дүйнөм парламенттин шайлоосундай. Ыйлатып башка жерге кете көрбө, Ысык - Көлдүн Каркыра жайлоосундай. Сезимдер деңизине түш эринбей, Сен менен кайыгы жок сүзөм бирдей. Ошондой элестерди сактап жүрөм, Ошумдун Сулайман Тоо музейиндей. Ысык чай дасторкондо сүттөп берип, Ысык жар болчу мага издеп келип. Жүгүрүп сен эртерээк куткарбасаң, Жүрөгүм Чүйдө жатат бишкектелип. Жеңишбек Жумакадыр.

Загрузка...