Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Илгери бир падыша увазирлерин ээрчитип эс алганы ууга жөнөптүр. Жолдо баратып бир кооз жерден булбулдун сайраганын угуп калат экен. Ат тизгинин буруп, булбулду кечке тыңшап угуптур да, увазирлерине карап: " Ууга барбай калдык, кеттик кайра" дейт. Жанындагылар таңгалып сураса: "Мен булбулду угуп олтуруп бир чети эс алып,бир чети көп нерсени түшүндүм. Ууга чыгуунун кажети жок. Булбул биздин багытыбызды өзгөрттү. Ар чарчаганда ушул жерге келип булбулду тыңшап туралы" дептир. Бүгүн Президентибиз Сооронбай Шарипович кыргыз-казактын булбулу атыккан Эстебес устатыбыздын атын алып жүргөн өнөрпоздорго келди. Эстебес тобунун торгойлорун, Амантай, Аалы булбулдардын укту. Урматтуу Сооронбай Шарипович! Бүгүнкү булбулдар Сиздин кыйын учурдагы кызматыңызга аз да болсо күч-кубат бере алды деп ойлойм. Маданиятка болгон колдооңуз, бүгүнкү барган кадамыңыз укмуштуудай ийгиликтердин башаты болсун деген тилегибиз бар. Ууга азгыргандарды ээрчитип булбулдарга келип туруңуз. Берекелүү өмүр, бекем ден -соолук ишиңизге ийгилик каалайбыз. Маданияты урматталган өлкө гана бийиктиктерди багынтат эмеспи.

Загрузка...