Бирибизге бирибиз көрүшөбүз,
Бир кол жайып кучактап өбүшөбүз.
Көзөп кетер сөздөрдү октоп алып,
Көздөрүбүз жок кезде сөгүшөбүз.
Бирибизге бирибиз керек дейбиз,
Бириккенге көңүлдөр себеп дейбиз.
Оңго солго коштошуп кеткенден соң,
Оңбой калган жагыбызды көп эстейбиз.
Бир тасмалда отуруп чай ичебиз,
Бир туугандай бапылдап жай ичебиз.
Эки мүнөт бирибиз мындай болсок,
Эки мүнөт шыбап турган жан экенбиз.
Көздөрүбүз бар кезде суктанабыз,
Көздөрүбүз жок кезде кызганабыз.
Састымоолоп ушактын шамалына,
Сасып кеткен киши эти жыттанабыз.
Ырахматты экиге бөлө албайбыз,
Ырахаттуу напсини жеңе албайбыз.
Ийнеликтей иш кылып сүйүндүргөн,
Ийгилигин башканын көрө албайбыз.
Бирде туруп пейилдин кушундайбыз,
Бирде туруп көңүлдүн музундайбыз.
Ай батса да артынан туздап турган,
Айткылачы эмнеге ушундайбыз.
Жеңишбек Жумакадыр