🌱Боз үйдө, түндүн бир оокумунда кемпир чалын ойготот экен: "Ай чал тур. Көзүңө бир нерселер көрүнүп атабы?" Чалы жинденип: "Ой эмне болду? Жылдыздар эле бүгүн аябай көбөйүп кеткенби, көп көрүнүп калыптыр. Уктатчы былжырабай" дейт. Кемпири: " Ой чал уктабай жерге кир, тур тезирээк. Үстүбүздөгү боз үйдү уурдап кетишиптир" дептир