Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Апакем. Сен жылмайсаң көңүл эргип жаз экен, Жаным менин, бак-таалайым апакем. Эч токтоосуз сүйүндүрүп турганга, Жашоодогу мүмкүндүгүм аз экен. Сени көрсөм жүрөк туйлап башкача, Тилим кургайт ысымыңды айтпаса. Күндөн жылуу, гүлдөн сулуу түбөлүк, Мага деген махабатың таптаза. Ойго батып, асыл жүзүң күлбөгөн, Түйшүк тарттың эчен сыноо күн менен. Асманда учуп жер кыдырып жүрсөм да, Сеникиндей көз таппадым дүйнөдөн. Өзүң үчүн өзгөрүлгүс баламын, Кайдан издеп, кайдан бакыт табамын? Сансыз жылдыз каректерин уялтат, Үйүмдөгү бир жылмайган карааның. Сен бүркөлсөң күндө ойго батамын, Кирпик какпай түндө ойгоо жатамын. Таң нурундай жүзүң жаркып турбаса, Кереги эмне башкаларга атагым... Эң жакшысы, сулуусусуң эненин, Макул десең жүрөгүмдү берейин. Тең келбеген бүт дүйнөнүн бакыты, Бейиш турган таманыңдан өбөйүн. Сендей мээрим кайсыл жайда бар эле, Жаныңдан эч чыккым келбейт жан эне. Ымыркайга кайра баштан айланып, Кучагыңда жүргүм келет дагы эле. Жеңишбек Жумакадыр

Загрузка...