Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
💐Карыя: " Күндүзгү жашооңордо адамдарды сүйүнтүп жашагыла. Түнкүсүн Жаратканды сүйүнткүлө" деди. " Адамдарды го түшүндүк, аа Кудайды кантип сүйүнтөбүз?" деп сурашты. " Түндө тообо кылсаңар Жараткан ушунчалык сүйүнөт" деди карыя. ⠀ 💐Эгер багыты туура болсо, кыбыраса да ташбака ийгиликке жетет. ⠀ 💐Эртең менен арстандай чыгып, кечинде түлкү болуп кайтып келбе. ⠀ 💐-Түн ичинде чырак кармаган сокурларга таңгалам. - Таңгалба, алар көкүрөгү сокурлар жөөлөп кетпесин деп кармап алышкан. ⠀ 💐Адамдар аз, бактылуулук көп. Болгону инсандар алганды билишпейт. ⠀ 💐Акмактын бир сөзү, инсанды микроптон да тез өлтүрөт. ⠀ 💐Тагдырдан кабары жоктор, табалап сүйлөшөт. ⠀ 💐Дененин жүгүн буттар, рухтун жүгүн жүрөктөр ташыйт. ⠀ 💐Бир да адам жөнүндө бир да жаман кеп айтпагандын өлүмү жеңил болот. ⠀ 💐Сен жашоодон эмес, жашоо сенден тажабасын. ⠀ 💐Турмушта эң баалуу белек убакыт. Эң баалуу белегиңизди кимге беришиңизди терең ойлонуңуз. ⠀ 💐Сенин бактылуулугуң бирөөгө байланган эмес. Башкадан үмүт кылба. ⠀ 💐Мүмкүн болбогон мүмкүнчүлүктөр бар экенин эсиңден чыгарба. ⠀ 💐Жашоо мага күлсүн десеңиз, сиз биринчи ага жылмайыңыз. ⠀ 💐Эртең эмне болорун билбейбиз. Биздин иш- бүгүн бактылуу жашаш. ⠀ 💐Өмүр ансыз деле кыска. Биз аны ого бетер өзүбүз кыскартабыз. ⠀ 💐Макоонун тили - макиден курч. ⠀ 💐Эч нерсе жасабагандык - жумуштун эң эле кыйыны. ⠀ 💐Бернард Шоудон бир аял сураптыр: кантип жазганда атактуу жазуучу боло алам? - Солдон оңду карай жазганда... - дептир Шоу. ⠀ Топтогон Жеңишбек Жумакадыр

Загрузка...