Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Ден-соолук... Байлыктан кымбат ден-соолук. Биринчи байлык ден-соолук. Дарыны сатып аласың, ден-соолукту сатып алалбайсың. Жан кейигенде көз алдыңа жалаң кетирген каталарың тартылат экен. Ден-соолук өмүрдүн булагы. Пенде кадырына жетпеген эки нерсе бар. Булар: ден-соолук жана бош убакыт.(Хадис) Эркиндик менен ден -соолук окшош: алардан ажыраганда гана “аттиң!” дейсиң. Убакыт менен ден- соолук көрүнбөгөн бакыт деп бекеринен айтылбаптыр. Ден -соолук -бактылуулук эшиктеринин ачкычы, жашоонун кооздугу, өмүрдүн балуулугу… Оору келбестен мурда ден- соолугуң жөнүндө ойлон.( Хадис) Оорумдун шыпаасы үчүн, жарым байлыгымды берем деген тура падыша. Сулууну сүйдүм, күлүк ат миндим, жер кыдырдым. Алардан алда канча чексиз ыйык экениңди билбептирмин ден-соолук. Сен үчүн эч ким ооруп бербейт. Үмүттүн үмүт экенин ооруган жан түшүнөт. Жаздагы таңда кубаныч тартуулай тургандай, ден-соолугуңа кам көр. Ден-соолук бул - күндөн күнгө мыкты болууң. Ден-соолукту сатып албайсың, бир гана төлөйсүң. Дене ден-соолукта болуш үчүн, ден-соолугу бекем дух керек. Айтчы мага, муздаткычыңда эмнелер бар экенин, сага ден-соолугуң жөнүндө айтып берейин. Топтогон Жеңишбек Жумакадыр

Загрузка...