💐Аялдар көп сүйлөй турганчалык убакытын унчукпай өткөрсө, анда эркектер баардык бакытын колдон кетириптир дегендик.
💐Аялзатын менчелик түшүнгөн жан болбосо керек. Себеби мен да алар жөнүндө эч нерсе түшүнбөйм. 💐 Эң сүйүктүү аял-күйөөсүн багымдатка ойготкон аял.
💐Эң жаман эркек- аялын чапкан эркек.
💐Бир аялдын пикирин оңдойм десең, анын пикирин колдошуң керек.
💐Бейиште кезинде эле Обо энебиз, Адам атабыздын кабыргасын күндө санайт. Себебин сураса, Кудайым мага окшош дагы бирөөнү жаратып койбоду бекен деп кызганчу экен.
💐Аялдар бир нерсе болсо дароо ыйлап киришет. Кызыгы эч нерсе болбосо деле ыйлашат.
💐Аялды тепкенге бир гана курсагындагы наристенин акысы бар. 💐Аял баарысын кечирет. Бирок эч качан унутпайт.
💐Алла Таала даанышмандыкты, аялдын жүрөгүнө койгон. Анткени аялдын даанышмандыгынан чыккан жемиштери, мээрим менен сүйүүгө жуурулушкан.
💐Дүйнөнүн эң сулуу аялзаты турмушка чыккандан кийин катардагы эле жөнөкөй аялдардын ордун толуктайт.
💐Адаттагыдай эле, кызыксыз эркектин артында керемет бир аялзаты бар.
💐- Аялдар болбосо эркектер эмне болмок эле?
-Кудай сактасын дефицит болмок, дефицит.
💐Асмандын жарымын аялдар көтөрүп жүрүшөт.
💐Аял сырдуу китеп сыяктуу. Эми окуп бүттүм десең жаңы барагы башталат.
💐Аялдар эркекке айта тургандарын көз менен айтышат. 💐Жеңилбес хандардын, баатырлардын аянычтуу жеңилүү ызаасынын автору аялдар болушкан.
💐Аялзаты энеге айланганда, андан күчтүү эч ким болбос.
💐Бир өлкөнү бир падыша башкарат. Падышаны болсо бир аял.
💐Эгер аялдар болбогондо, дүйнөдө акчанын эч бир баркы калбайт эле.
💐Аялга: 24 саат бою сени ойлодум десең, калган убакытта кимди ойлодуң дейт.
⠀
Топтогон Жеңишбек Жумакадыр