Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
💐Дайыма Күн нуру жайыла баштаганда аз болсо дагы садака бер. Анткени ал күнөөлөрдү кетирет, бардык кырсыктардан алыстатат. Жүрөгүңдү жумшартып, ырыскыңды көбөйтөт. ⠀ 💐Бир иштин майын чыгарып иште. Улам бир нерсени тандап өмүрүңдү текке кетирбе. Ийгилик акырындан тамчыдай тамып отуруп океанга айланат. ⠀ 💐Болоор-болбос иштерге эле чаң-тополоң сала бербе. Көз коркок, кол баатыр. Көзүң жетип, жүрөгүң сезсе чоң иштерди баштай бер. ⠀ 💐Эсиңен чыгарба: ачка болсоң тоюнасың, чаңкасаң суусунуң канат, оорусаң айыгасың. Кейий бербе. Эгер ажалың келген болсо, оорубай, чаңкабай деле өлөсүң. ⠀ 💐Жүрөк кадимкидей чарчайт. Сен кээде таттуу же кычкыл жегиң келип калгандай эле, жүрөк дагы азыктанууну каалайт. Анын азыгы китеп окуу. ⠀ 💐Уул-кыздарыңды көбүрөөк жыттап өпкүн. Анткени алардын сүйүнүчү, толкунданган сезимдери үчүн Жараткандын сага мээрими төгүлөт. ⠀ 💐Адамдар жашаган жерде сөзсүз ууланган сөздөр жебедей учуп жүрөт. Сен андайларга дайыма даяр жүр. Сен аларга эмес, Кудайга эсеп бересиң. ⠀ 💐Миллиондогон акчанын ээси, кээде автобуста баратканын көрөсүң. Бир аз тыйындуу болуп, жардамчыларды ээрчиткен мактанчаак жан дүйнөсү кедей адамды Жараткан жактырбайт. ⠀ 💐Качыр төөдөн сураптыр: Сен эмнеге менчилеп чалынбай басып баратасың деп. Төө айтыптыр: Мурдуңдун учун карабай тээ алысты карап бассаң чалынбайсың деп. ⠀ 💐Кыла турган иштериңди кагазга жаз. Жазылган кыялдарың тагдырга айланат. Тагдырга айланган тилек сөзсүз башыңа келет. ⠀ 💐Анан эмес, эртең эмес. Азыр тур дагы Жаратканга сөз бер: Болду жакшы адам болом! ⠀ 💐Күйдүм-сүйдүм азгырма сүйүүлөр бекер өмүрүңдү гана алат. Үй-бүлөңдү берекеге ороп сал. Жылмай, жылмайт. Эркеле, эркелет. Айланаңдагы бакытты алыстан издебе. ⠀ 💐Көзүң өтөөрдө балдарыңа ушундай айта тургандай жаша: Силер менден уяла тургандай эч бир жаман иш кылбадым. ⠀ 💐 Эч качан бирөөнүн кемчилигин жарыя кылып шылдыңдабагын. Сенин кемчилигиңди Кудай кааласа ачыкка чыгарып койот. Чапсаң чабыласың, сөксөң сөгүлөсүң. Не жасасаң сөзсүз бир күнү өзүңө кайтып келет. Топтогон Жеңишбек Жумакадыр

Загрузка...