Оо, Жараткан!
⠀
Оо, Жараткан! Тизе бүктүм, сурандым,
Сен деп ыйлап, сен деп гана кубандым.
Өзүңдөй күч кубат берип турганда,
Кереги эмне мага жалган кудайдын.
⠀
Оо, Жараткан! Мээримдүүсүң кененсиң,
Эшигиңди тыкылдатсам беленсиң.
Түн жарымы оогон кезде кол сунуп,
Сурангыла мен берейин дегенсиң.
⠀
Оо, Жараткан! Убадага туруучу,
Көкүрөктүн муңдуу үнүн угуучу!
Өзүң сүйгөн кулуң кылып кабыл ал,
Токтогондо жүрөгүмдүн жылуусу.
⠀
Оо, Жараткан! Күнөөлөрдү катуучу,
Каалагандай тагдырларды жазуучу.
Таңгалдырып издегенге Курандан,
Илиминин тереңдигин ачуучу.
⠀
Оо, Жараткан! Калкка салып көп муңду,
Кыйын кезде жакын достор көз жумду.
Орозодо кабырларын нурлантып,
Көргөзө көр кереметтүү көп сырды.
⠀
Оо, Жараткан! Көралбастар жалганда,
Уу ыргытып батса дешет арманга.
Өкүнүчтө болор беле эгерде,
Жүрөгүмдү колдоруна алганда.
⠀
Оо, Жараткан! Каткан сезим эрисин,
Аларга да таттыр ыйман жемишин.
Бүтүн дүйнө каршы болуп турса да,
Ар бир демим ыраазы бол сен үчүн.
⠀
Оо, Жараткан! Күтсүн шашпай кара жер,
Өмүрлөрдүн берекесин мага бер.
Сулуу жигит аманатка келгенде,
Көз жаш төккөн саждада жан ала көр.
⠀
Оо, Жараткан! Каптап бакыт жалаң нур,
Кайгы бербей эл-журтумду аман кыл.
Сыртта аңдыган чөөлөр жолу тосулуп,
Мекенимде берекелүү заман кыл.
⠀
Оо, Жараткан! Кудуреттүү Султаным!
Дубам ушул сага жазган ыр сабым.
Түбөлүктүү Сени көрүп сүйүнсүн,
Бейиштик кыл баардык Манас урпагын!
⠀
Жеңишбек Жумакадыр