Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Эй, замандаш! Эскертмекке угасыңбы, сыр айтайын. Өтүп кетер кур өмүрдө, Өзөгүмдөн өнүп чыккан ыр айтайын. Түшүнгөндөр туура десе, Түнөргөн көңүлүмдү кубантайын. Баш чайкаган мерез чыкса, Бактысыз бу башымды муңайтайын. Оопасыз ушул дүйнө, Оту өчсө дене - бойдун, Оюк жай, жатар жериң кабыр кылчу. Оюнунду анан улант, Он мүнөт сабыр кылчы, Орозодон кебимди улантайын. ⠀ Орозо не? Оо, Улуу Аллахтан корккон жандын, Жасаган ибадаттын аныгыдыр. Ыйга айланган жүрөккө үмүт жанып, Ыйманына күч берген салымыдыр. Ыймандын жарымы сабыр болсо, Орозо ал сабырдын жарымыдыр. Өлбөгөн ким бар дейсиң? Өлгөндө караңгы, тар мүрзөңөрдүн, Орозо нурун чачкан жарыгыдыр. ⠀ Орозо не? Ой айтсам, орозодон терендеген, Ой жетпес керемети терең белем?! Оо, пенде рамазан ыйык айды, Опол тоо зор бактыдан кур калууда, Орозосуз өткөрөм деген менен! Акыл жетпес, көз жетпес, сөз да жетпес, Акыретте жакшылык бар беленделген! Антты бар орозого Жараткандын, Сооп жазар периште да билбей турган, «Сыйлыгын Өзүм гана берем!» деген! ⠀ Орозо не? Жөн гана ачкалык деп ойлогондор, Жандүйнөнүн гүл багын кордогондор, Улуу зат Кудай бар, же балким жок деп, Үмүтсүз Акыретин болжогондор, Оор кайгы жан чыдагыс азап тилеп, Орозого моюнун толгогондор, Ойлонбойбу?! Аккан сууну, учкан кууну, нурлуу күндү, Айлуу түндү, ак- карасы аралашкан турмуштарды, Жан-жаныбар бүт куштарды, Аралыгын бузбай турган, Асмандагы жылдыздарды, Ойлонбойбу, ойлонбойбу?! «Ким кылды?» -деп жок десе, Кандай момун, ден соолугу бар туруп, Курсак сылап орозодо, Кардым менин ток десе! Орозого күлгөн жандар, Билбейт өзү, баратканын от кече. Орозого данк алгандар, Орозосун ой-тоого жар салгандар, Мактангандар, Ойлон, пенде! Андайлардын орозосу жокко эсе!

Загрузка...