Jenishbek Jumakadyr
@jjenishbek
Jenishbek Jumakadyr

Подписчики: 105576
Посты: 239
Подписки: 175
Ютуб канал- Jenishbekakyn
https://www.youtube.com/channel/UCHqFCFIIihhyX0XeSvmx54A
Загрузка...
Билесиң да ⠀ Сен менин билесиң да кыялымды, А түгүл эртең эмне кылаарымды. Байкабай күнөөлөргө батып алып, Кайрадан кечиримди сураарымды. ⠀ Сен менин билесиң да алсыз жагым, Көкүрөк жүрөгүмдү дат кылбагын. Бактылуу балдарымдын үйүмдөгү, Эч качан азаптарын тарттырбагын. ⠀ Сен менин билесиң да сезимимди, Жалдырап каккылаймын эшигиңди. Энеден төрөлгөндөй кубандырып, Ким берет сенден башка кечиримди? ⠀ Сен менин билесиң да кейишимди, Буздурба ортодогу келишимди. Мусулман калкы менен сүйүндүрүп, Көргөзгүн ата-энеме бейишиңди. ⠀ Сен менин билесиң да сүйөөрүмдү, Бирге кыл өмүрлүк жар - түгөйүмдү. Күйгөндөн узак жылдар алыс калып, Буюргун “фирдауста” күлөөрүмдү. ⠀ Сен менин билесиң да наристемди, Азрейил эркелетип алып кетти. Жытына тойдура көр акыретте, Кареги көкүрөктө калып кетти. ⠀ Сен менин билесиң да жетпегеним, Толгонуп ичтен сызып эстегеним. Келгенче периштелер сабырым бар, Жолугаар акыретте көксөгөнүм. ⠀ Сен менин билесиң да кечээгимди, А түгүл качан өлүп кетеримди. Аманат калтырамын гүлдөтө көр, Ыйманга Ала -Тоодой мекенимди. ⠀ Сен менин билесиң да сураарымды, Түнү ыйлап кандай кулдук кылаарымды. Саждада жанымды алып келме менен, Жеңил кыл кабырдагы сурагымды. ⠀ Сен менин билесиң да ырларымды, Өтө алсыз жардам күтүп турганымды. Миллиондун ыйманына себеп кылып, Таттыра көр акыретте жыргалыңды. ⠀ Жеңишбек Жумакадыр

Загрузка...