Кылыч Саркарбаев Асилбекович
@k_sarkarbaev
Кылыч Саркарбаев Асилбекович

Подписчики: 61166
Посты: 413
Подписки: 474
Osh, Kyrgyzstan🇰🇬
http://list.ru/
Загрузка...
Куршаб
Ардактуу апалар, кымбаттуу эже-карындаштар! Сиздерди 8-март - Аялдардын эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Аялзат - үй-бүлөнүн куту, өмүрдүн булагы. Сиздердин демиңиздер менен ар бирибиздин жүрөгүбүздө, ар бир үй-бүлөдө, коомубузда жылуу сезим, жакшы маанай, ийгилик жаралат. Апаларыбызга бизге өмүр бергени үчүн терең таазим этип, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазычылык айтам. Сиздерге бекем ден-соолук, ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Ар бир күн сиздерге бакыт жана кубаныч тартууласын! Дайыма коломтобуздун куту катары төрүбүздө, урмат-сыйда жүрүңүздөр! Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!

Загрузка...
4584   281
17.02.2020 Osh, Kyrgyzstan
Урматтуу мекендештерим! Бүгүн, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагалык кызматынан өз каалоом менен убактылуу кетүүнү туура көрдүм. Акыркы кездеги мага карата коомчулукта жүрүп жаткан каралоого байланыштуу, бул иштер тийиштүү органдар тарабынан териштирилип аягына чыккыча кызмат ордумду тапшырып берүү үчүн мэрге арыз жаздым. Таалайбек Насирбекович сунушумду колдоду. Комитетте 2015-жылдан тартып төрагалык кылып баштагам. Ушул жылдар аралыгында төрага катары, спортчу катары, спортту жакшы түшүнгөн адам катары ар бир спортчуга, ар бир машыктыруучуга жакындан көмөк көрсөтүп, колумдан келишинче жардамымды аябадым. Биздин спортчулар Кыргызстанда гана эмес, Азияда, дүйнөлүк беттештерде ийгиликтерди багындырып, өлкөбүздүн анын ичинде Ош шаарынын атын даңазалай алышты. Көрсөткүчүбүз жыл сайын өстү. Бүгүнкү күнгө чейин өз өлкөм жана шаарым үчүн кылган кызматым мен үчүн чек эмес. Менин кызматыма, спортчулар менен биргеликте жараткан ийгиликтериме, максаттарыма тоскоол болгондор чыкты. Бирок бул кадамдары алыска барбайт жана чындык далилденет деп ишенем. Мага колдоо көрсөткөн коомчулукка, комитеттин жалпы жамаатына, спорт адамдарына, тааныш ага-ини, эжелерге, баарыңыздарга терең ыраазычылыгымы билдирем. Кызмат, кресло бизге чейин болгон, бизден кийин да болот. Эң негизгиси адамдык сапатыбызды, жигиттик абийирибизди жоготпойлу. Жараткан сиздер менен жалаң гана жакшы жолдордон жолугуштурсун! Урматым менен Кылыч Саркарбаев @k_sarkarbaev