Эсимден кетпейт...1997-98 жылдар болжолу менен..биз кичинекей бала кезибиз. Ошол жылдары аябай кыйынчылык заман эле. Ачарчылык болуп аткан. Бир күнү таңга маал бир шыбырртан ойгондум. Карасам апам тизелеп отуруп алып Кудайга жалынып атыптыр. Көзүнөн жашы куюлат. "Кагылайын Кудай ушул балдарымдын курсактары ток болсун, ушул балдарым оорубасын, балдарым аман эсен чоңойсун"...деп..Апаке @kulipakubanchbekova . Мен жашоомдо болуп аткан жетишкендиктеримди, ийгиликтеримдин баарын ошол күнгө байланыштырам. Ошондогу сиздин Кудайдан жалынып жалбарып суранганыңыздын баарын Кудайым берди деп эсептейм! Бүгүн сиздин туулган күнүңүз!! Бар болуңуз апа!! Өмүрүңүз узун болсун! Ден соолугуңуз чың болсун!! Түбөлүк карызмын сизге!! Миңдеген алкыш сөздөрдү айтсам да аздык кылат!! Биздин үйдүн жарыгысыз!!