Менин үйүмдөн, менин гитарам менен тартылган видео экен..Ошондо түнү менен уктабай, чыгармачылык жөнүндө сүйлөшүп отурдук эле..Ээх алтыным..Сенин талантыңдын 1 пайызын дагы элиң билбей калды. Сен дүйнөнү багындыра турган адам болчусуң...Сенин акынчылык өнөргө, музыкага, деги эле жашоого болгон көз караштарың бир башкача эле..Мен сени келечектен келген адамдай элестетчүмүн..Ээх Акжолум..не деген асыл ойлор..Сен эч бир адам жөнүндө жаман ойлоп, сүйлөчү эмессиң..
Ажалың ушунча тез беле?.. Жаткан жериң жайлуу болсун иним...Аллахым сени өз мээримине алсын..😥😥😥😥😥