KANYKEI
@kanykei_original
KANYKEI

Подписчики: 230893
Посты: 728
Подписки: 95
Школа вокала Каныкей 🎙🎼 @kanykei_vokal
Загрузка...
-- Каныкей, шоу бизнестин горизонтунан жок болуп кеттиң, кепти ушундан баштайлы?.. -- Биринчиден, мурун мен жалгыз бой кыз болчумун. Өзүм менен өзүм, убакыт толтура. Кайда барсам өзүм билип дегендей. Турмушка чыккандан кийин бир башың эки болот экен. Мурун жүз тууганым болсо, азыр эки жүз тууганым пайда болду. Анан балалуу болуп, алар менен алышып жатып калдым. Бир башым эки, анан үч, анан төрт башка жеттик. Күйөөмдү, балдарымды таштап кете албадым. Жашоом толук кандуу үй-бүлөлүк нукка бурулду. Концерттен концертке чыгып, гастролдоп, клип тарттырып, ыр артына сүңгүп кетпедим. Шоу бизнестин эшигин ачып-жаап коюп жүрөм. Турмушка чыккандан кийин негедир жандүйнөмдү буркан-шаркан кылып жарып чыккан ырлар да келген жок. -- “Турмуш” деп кеттиң, жолдошуң менен кантип таанышып калгансың? -- 2006-жылы “Бител” мобилдик оператору жаңыдан чыгып, кыска аралыкта эле жаштарды өзүнө тартып алды. “0502” менен башталган номур алдым. “503 кодунда меникине окшош ким болду экен?” деп кызыгып чалдым. Гудок кетти. Коркуп кетип коюп салдым. Ал абонент мага кайра чалды. “Бул ким болду экен? Эмне максатта чалдыңыз эле?” деди. Мен ага “жөн эле. Экөөбүздүн 6 номурубуз окшош экен. Сеники “0503” менен башталса, меники “0502” менен” деп, анан бири-бирибизди жакындан сураштырып, кай жердин кулуну, кайда окуйт, жашы канчада?.. Ал да мени сурап, анан маал-маалы менен телефондон сүйлөшүп турдук. Ал агрардык академияда, мен МУКта жана БГУда. Ал Нарындан, мен Чүйдөн, экөөбүз тең 19да экенбиз. Бир айдан кийин бетме-бет жолугушууну өзүм демилге көтөрүп, менин окуган жериме келди. Карапайым бала экен. Назар салып калыптыр. А мен анча көңүл буруп, маани деле бергеним жок. Жаңыдан шоу бизнеске аттанып, өз ишим менен алек болуп жүргөн кез. Бала болсо Америкага иштегени кетти. 2011-жылдары ошол жактан кайра кезиктик. Гастролго баргам. Биз ага чейин соцтармак аркылуу байланышып турчубуз. 👇🏻👇🏻👇🏻

Загрузка...
1710   25
10.09.2020 Bishkek, Kyrgyzstan
«В диалоге с жизнью важен не её вопрос, а наш ответ»Марина Цветаева. __________________________ Заманымда канча адам кордум баардыгы идеал эмес. Жок кынтык издебейм. Жамандык издеген адамдын озу жаман. Тек гана байкаганым паракордук. Адамдын озундо жашаган калыстык ар дайым озу мн кала берет. Ал эми башка «сапаттын» ээлери аны жумушунда жана жашоосунда созсуз колдонушат. Ушул ыплас нерселерди коргондо кейийм. Озум учун эмес(ансыз деле оз омурум оз колумда) ошол эски «акебай, жакебай» деген система мн устомдук устундо отуп жаткан пас, маскара, кыянаттык колдонулган тепкичтен тушпогон адамдар учун. Жашоо бир гана жолу келет,бирок, бир келген омурдо олбочудой болуп, креслосун кучактап алып жаштарга жол ачпаган ак сакалдар ааламга жол ачмак турсун озулорун тозокко кептеп жатканын тушунушпойт. Ошондон улам жаштар «жашоо жалган» -деп кол шилтеп эч нерсеге ишенишпейт. Ишеничти кетирбегиле оо айланайын адамзат!