KG Эльмурат 🇰🇬
@kg.elmurat_official_page
KG Эльмурат 🇰🇬

Подписчики: 155618
Посты: 1654
Подписки: 1206
🔹 Певец 🎤 🔹 Media House #EMU_STAR 🔹 Аранжировка 🎹 🔹 Запись голоса 🎶 🔹 По всем вопросам: +996779111015 ⬇️⬇️⬇️⬇️YouTube⬇️⬇️⬇️⬇️
https://www.youtube.com/channel/UCE0IamWSYQoAr9gCqA60GyQ
Загрузка...
Мен, эмне үчүн Адахан Мадумаровду колдоймун! “Сиз эмне үчүн Мадумаровду колдойсуз?” деген суроону көп угам. Мына ошого жооп берип коюуну эп көрдүм. Биринчиден, Адахан Мадумаров коррупциядан алыс, мамлекеттин, элдин байлыгына кол салбаган таза саясатчы. Мындайлар биздин заманда өтө сейрек болуп калды. Бул жагынан ал өзүнүн устаты Абсамат Масалиевдин жолунан кылча тайбады. Экинчиден, (бул өзгөчө маанилүү) биздин саясий көз караштар жана максаттар көп жерден дал келет. Биз сот бийлигин президент жана анын аппаратынын көзөмөлүнөн чыгарып, чыныгы көз карандылыкка жеткирүүнү көздөйбүз. Бул үчүн Конституциянын 95 беренесин өзгөртүү керек деп эсептейбиз. Ал беренеде “Соттордун кынтыксыз жүрүш-турушу”, “Дисциплинардык комиссия”, “Соттор кеңеши” жөнүндөгү жоболор бар. Мына ошол жоболор аркылуу президент жана анын аппараты сотторду каалагандай башкарып, каалагандай чечимдерди чыгартып олтурат. Бул саясий коррупцияга, сот адилеттүүлүгүнүн бузулушуна алып келген жагдай. Бул өзгөртүлмөйүн сот реформасы деген болбойт. Биз аткаруу бийлигинин башында президент туруп, өкмөт башчы кызматы жоюлуш керек деп эсептейбиз. Биз Жогорку Кеңештин депутаттарын бир мандаттуу округдардан калк өзү шайлап алыш керек деп эсептейбиз. Талапкерлерди көрсөтүүгө жеке инсан да, партия да укуктуу болууга тийиш. Элге таянган күчтүү Жогору Кеңеш жана президенттен көз карандысыз сот президент башында турган күчтүү аткаруу бийлигин теңдей алат. Буга АКШнын бийлик системасы күбө. Мына ушул үч реформанын максаты өлкөнүн экономикасын өстүрүүгө багытталат! Анткени экономиканы өстүрүү менен гана жумушсуздук, чек ара, коопсуздук, жол, мектеп, саламаттык сактоо, пенсия, айлык жана башка толгон-токой социалдык-маданий жана башка маселелерди чече алабыз. Элдин жыргалчылыгын көтөрө алабыз! Aidanbek Akmatov

Загрузка...