Кундуз Казыбек кызы
@kunduz_kazybekkyzy
Кундуз Казыбек кызы

Подписчики: 73319
Посты: 666
Подписки: 605
✒Основ. YOUTUBE- @solomedia.kg ✒Музыкальный редактор🎼 ✒Радиоведущая 🎧 ✒Телеведущая 💻
http://www.youtube.com/solomediakg


 
Загрузка...
сортировать по: лайкам | комментариям | просмотрам | дате публикации
Загрузка...
414   19
25.05.2020
Бир жолу мектепке гипноз менен алектенген группа келип өнөрлөрүн тартуулап кетишти. Баарыбыз укмуш таасирленип аларды туурамай болдук. Классыбыздын ичиндеги лаборотория кабинетине кирип алып, кадимки сүлгүнү нымдап, бири-бирибизди муунтуп уктата баштадык🙈🙈😩😩 Элестетиңиз класста кыргыз тили сабагы болуп жатса алты-жетөөбүз ички кабинетте бири-бирибизди муунтуп ойноп жатабыз😱🤦‍♀️ Корсо муунтканда дем кысылып, кычкылтек жетпей бир нече секундка "өчүп" калат экенсиң. Мындай эксперимент кооптуу экенин ал учурда кайдан билели🤷‍♀️ Оюбузда гипноздун атаманыбыз 😂 Кезек менен ар бирибиз уктап чыктык😅 Бир маалда бир кызыбыз ойгонбойт, бетине чапкылап жатабыз, суудан чачып атабыз. Көптө барып көзүн ачты. Чынында аябай корктук,андан кийин каткырып күлдүк 😄 Мугалимибиз да биздин ички кабинетте ызы-чуу болуп жатканыбызды билип калып, директорго чейин алып барганы эсимде😂 Окуучулук күндөр мына ушундай окуялар менен кызыктуу экен. Азыр классташтар чогулуп калсак мектептеги "приключенияларыбызды" эстеп алып жыргайбыз😊 Силерде деле ушундай сыяктуу окуялар болсо керек? Майрамыныздар менен!