Lutfilla Busurmankul Uulu
@lutfilla_busurmankul_uulu
Lutfilla Busurmankul Uulu

Подписчики: 152340
Посты: 669
Подписки: 10
🤵Шоумен 🤝Тамада 📝Продюсер 🎬Режиссёр 📺Теле алып баруучу 🎙Ырчы 📩Менеджер ☎0772787843
Загрузка...
Улуу устаттарымдын бири 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин деканы болуп турганда кол алдына келип тарбия алып,алгач студентерди кабыл алуу аземинде менин талатымды баалап өзгөчө көңүл бөлүп,шык берип жанагы чон алайлык бала кана ошондон бир нерсе чыгат деп көңүл бөлүп, колмдан кыса кармап: ''сенден үмүтүм чон''- деп таасирдүү сөзүн айтып Исскусство факультетине кабыл алып, дал ошол унверстетти ийгиликүү аякташыма чон салым кошкон Ибрагим Жунусов агайыма ыраазымын! Эми минтип Өзбекстандын ажосу менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүп,элди ойлоп Кыргызстанга жардам катары өзүнун атуулдук парызын аткарып олтурат... Сиздин окуучуңуз болгонума сыймыктанам! Анда соз башынан болсун! 👍👍👍Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен, өлкөдө COVID-19 коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоо максатында, ошондой эле жакшы коңшулук жана өз ара колдоо принциптерине негизделген ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары – ​​1000 тонна ун,  7000 комплект медициналык коргонуу костюмдарын, 200 даана N95 респираторун, 20 000 кол кап, 500 даана көз айнек, 200 медициналык пирометр жана 2000 тест системаларын берүүнү чечти. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Көрсөтүлгөн гуманитардык жардам Кыргыз Республикасына 2020-жылдын 2-апрелинде жеткирилет. Кыргыз тарап көрсөтүлгөн колдоону жогору баалап жана боордош өзбек элине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет.

Загрузка...
1974   112   28310
28.08.2020 г.Ош
Бул боз үй сенин тоюңа тигилсе кана...😪😪 Ушул боз үйдө шарактаган шаң, күлкү,жакшы маанай чыкса сонун болмок😔😔... Тескерисинче сенин апандын карылдап ыйлаган үнү, канатымдан айрылдым, мураскорум,жүрөгүм деп боздогон үн... Ичине кирсең кадимки Гулшайыр эжем көк жоолук салынып ботодой боздоп олтурат. Ушул көрүнүштү көргөндө: Энени баладан, баланы энеден ажыратпасын деген сөз чын экен дейсиң! Эженин жаныдагы дарыларды көрсөң аптека болуп кеткенби дейсин, издеген дарын чыгат. Таш боор тагдыр, талкаланган максат, боз үйдөгү армандуу көздөр, Эркинди жоктоп кайгырган жакындарынын жашыган коздору, куйтко куйуп өңүмбү- түшүмбү деп олтурган Гулшайыр эжемдин абалын айтпасамда белгилүү...🥺 Кайран иним эмнеге шаштың? Апамды кубандырам деген тилегин кана..? Эми ушунтип куйутко салып кеттин. Сени өтө ордуң билинип,козумдон жаш тыйылбай ар бир созунду эстеп, жан дуйном эншерилип жатат. Бейишиң берсин! Айла жок иним, чон атадай создорунду кыраакы мамилене тан барип, адамдык бийик сапатын менен журогумдо калдын... Кош, кош! Айла жок иним...